1-статья
Күчүндө · 08.08.2006 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй толук-
тоолор киргизилсин:
1. 14-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:
"Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык
жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналы-
шат.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 14-2-статья менен толукталсын:
"14-2-статья. Жекече күзөтчү
Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жана
анын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салы-
нат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тара-
бынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралган
укуктардан пайдаланат.
Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талап-
кер болууга укуксуз:
1) 21 жашка чыга электер;
2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү
чектелгендер деп табылгандар;
3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган оо-
руга чалдыккандар;
4) билип туруп кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу барлар;
5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгилен-
ген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге че-
йин).
Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооруга
чалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиле-
нет.".
Берененин тексти 08.08.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1954/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>