Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 8-августу № 163
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик
жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй толук-
тоолор киргизилсин:
1. 14-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:
"Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык
жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналы-
шат.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 14-2-статья менен толукталсын:
"14-2-статья. Жекече күзөтчү
Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жана
анын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салы-
нат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тара-
бынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралган
укуктардан пайдаланат.
Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талап-
кер болууга укуксуз:
1) 21 жашка чыга электер;
2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү
чектелгендер деп табылгандар;
3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган оо-
руга чалдыккандар;
4) билип туруп кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу барлар;
5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгилен-
ген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге че-
йин).
Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооруга
чалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиле-
нет.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 35