Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Нарын облустук шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 16-сентябры № 255 Нарын облустук шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергендиктерине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 1-,3-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө Жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Нарын облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-«Биримдик» саясий партиясынан көрсөтүлгөн комиссиянын мүчөсү Нурманбетова Гүлзат Садыркуловна курамдан чыгарылсын. -«Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асаналиева Назгүл Азисовна комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу
Ж.Акматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон