Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Саясий партиялардын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 14-сентябры № 249 Саясий партиялардын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы, 2010-жылдын 4-сентябрындагы, 2010-жылдын 5-сентябрындагы, 2010-жылдын 7-сентябрьшдагы №№ 190, 194, 201, 210 токтомдору менен "Ата-Журт" Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан, «Республика» саясий партиясынан, "Кыргызстан элдеринин союзу" саясий партиясынан, "Кыргазстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына катталган талапкерлерден: "Ата-Журт" Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан Б.И. Усубакуновадан. «Республика» саясий партиясынан К.К. Кускаковдон, "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан А. Акитаевадан жана Д.Б. Бапановдон. "Кыргызстан элдеринин союзу" саясий партиясынан Э.Б. Мамбеталиевден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздар келип түшкөн. Катталган талапкерлердин жазуу жүзүндө берген арыздарына байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы. ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердинкатталган тизмесинен чыгарылсын:
"Ата-Журт" Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан:
- Усубакунова Бактыгүл Ильясовна;
"Республика" саясий партиясынан: -Кускаков Камчыбек Казыевич; "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан: -Акитаева Асылкан жана Бапанов Дуулат Базанович; "Кыргызстан элдеринин союзу" саясий партиясынан: -Мамбеталиев Эркинбек Болотбекович.
2. Катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:
-"Ата-Журт" Идеалисттик демократиялык саясий партиясынан, 2010-жылдын 2-сентябрындагы № 60; -"Республика" саясий партиясынан, 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 118; -"Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан, 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 79, № 97; -Кыргызстан элдеринин союзу" саясий партиясынан, 2010-жылдын 5-сентябрындагы № 30.
3.Бул токтом "Ата-Журт" Идеалисттик демократиялык саясий партиясына, "Республика" саясий партиясына, "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясына, "Кыргызстан элдеринин союзу" саясий партиясына билдирилсин.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 5
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы № 190 "Ата Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин…Постановление · 02.09.2010 · № 190
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 194 "Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2010 · № 194
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 5-сентябрындагы № 201 "Кыргызстан элдеринин союзу" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо…Постановление · 05.09.2010 · № 201
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 210 "Кыргызстандын Элдик Демократиялык партиясы" саясий партиясынан талапкерлердин…Постановление · 07.09.2010 · № 210
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон