Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 244 Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүүжөнүндө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 1-, 3-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүсүн Убактылуу тартибинин" 1-, 2-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө Жобонун" 2.5, 2.9-пунктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-"Справедливость" (Акыйкат) Республикалык партиясынан көсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Азарова Зухра Музафаровна курамдан чыгарылсын;
- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мучөсү Сопубеков Азамат Курманбекович курамдан чыгарылсын;
- Кыргызстан Коммунисттер партиясынан көрсөтүлгөн Тергалинский Алексей Гаврилович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мельник Ольга Иосифовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон