Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргызстанлын Элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 236 «Кыргызстанлын Элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынан катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы, № 210 токтому менен "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка катталган Расулов Вахобжон Ахмадовичтен Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аны «Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арызы түшкөн. Катталган талапкердин жазуу жүзүндө берген арыздарына байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ
1. "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Расулов Вахобжон Ахмадович чыгарылсын.
2. "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясынан катталтан талапкердин 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 9 күбөлүгү жараксыз деп табылсын
3.Бул токтом "Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы" саясий партиясына билдирилсин.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 210 "Кыргызстандын Элдик Демократиялык партиясы" саясий партиясынан талапкерлердин…Постановление · 07.09.2010 · № 210
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон