Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Айкөл Эл» саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 235 "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы №214 токтому менен "Айкөл Эл" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Айкөл Эл" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына айрым талапкерлерди чыгаруу жөнүндө "Айкөл Эл" саясий партиясынын Саясий кеңешинен 2010-жылдын 8- сентябрындагы №3 токтому келип түшкөн. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинпи 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айкөл Эл" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Жанибеков Бахтиержон, Жеңишбекова Гүлмира, Моминов Шавкат Турсунович, Сулайманов Жеңишбек Сүйүнбаевич чыгарылсын.
2. 2010-жылдын 7-сентябрында "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлердин №№65,77,89,120 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом "Айкөл Эл" саясий партиясына маалымдалсын
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон