Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 234 "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы №213 токтому менен "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Сүйүнтбеков Айбек Өзүбекович, Асанбеков Өмүрбек Ишенбаевич, Иманалиева Бермет Муратбековна, Долоталиева Дамира Темирбековна, Усупбаева Чинара Дүйшөнбековнанын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыздары, ошондой эле аларды чыгаруу жөнүндө "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын саясий кеңешинен арыздар келип түшкөн. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1."Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Сүйүнтбеков Айбек Өзүбекович, Асанбеков Өмүрбек Ишенбаевич, Иманалиева Бермет Муратбековна, Долоталиева Дамира Темирбековна, Усупбаева Чинара Дүйшөнбековна чыгарылсын.
2 2010-жылдын 7-сентябрында "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан катталган талапкерлердин №№16,31,65,91,119 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын 3 Бул токтом «Мекен Ынтымагы» саясий партиясына маалымдалсын
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон