Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-сентябры № 224 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формаларын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13-пунктчасына жана 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формалары бекитилсин (№1,2 тиркемелер).
2. Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын негизги жана кошумча тизмелеринин формасы бекитилсин (№3,4 тиркеме).
Бул токтом ЖМКларда жарыялансын. Бул токтом №1,2 тиркемелери менен райондук, шаардык шайлоо комиссияларына, №3,4 тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө "Шайлоо" МАСтын сектор башчысы Н.Н.Давкинага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон