Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн укуктук
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
статусу жана милдеттери
1. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр:
- райондук администрациялардын алдында - тиешелүү райондордо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-
нын алдында (мэриялар, шаар башкармалыктары) - райондук бөлүнүү болбо- гон тиешелүү шаарларда;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-
нын алдында (мэриялар) - райондук бөлүнүү болгон тиешелүү шаарларда түзүлөт.
2. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм ыйгарым укуктарына
аларды түзүү кирген тиешелүү органдын түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм жөнүндө жобо тиешелүү орган тарабынан бекитилет.
3. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн милдеттери
төмөнкүлөр:
- балдар арасында тартип бузуулардын алдыналуу жана болтурбоо;
- ата-энесинен кароосуз калган балдарды жана ата-энеси тиешелүү
тарбия бербеген жана жетиштүү камсыз кыла албаган балдарды аныктоо;
- кризистик кырдаалда калган балдардын абалын териштирүү жана баа
берүү;
- алдыналуу кызматтарын көрсөтүүнү, реабилитациялоону жана коомго
реинтеграциялоону өз ичине камтыган кызматтар менен бирге кризистик кырдаалда калган балдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- эгерде ата-энелери белгисиз болсо, балага фамилия, ысым жана
атасынын атын ыйгаруу;
- баланын муктаждыктарына баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча
ата-энелеринен камкордугусуз калган балдарды жайгаштыруу формаларын тандоо;
- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жылдык иш планын
иштеп чыгуу;
- камкорчуларды, асырап алуучуларды, фостердик же багуучу
үй-бүлөлөрдү тандоону ишке ашыруу;
- камкорчулук же көзөмөлчүлүк белгиленген балдардын эсебин алуу;
- жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыздоо максатында, камкор-
чулардын, асырап алуучулардын, фостердик же багуучу үй-бүлөлөрдүн иште- рин көзөмөлдөө;
- камкорчуларга, фостердик же багуучу үй-бүлөлөргө жардам
көрсөтүү;
- балдарга, жумуш берүүчүлөргө, ата-энелерге жана аларды алмашты-
руучу адамдарга балдардын эмгегин пайдалануунун уруксат берилген форма- лары жөнүндө маалымдоо;
- балдардын турак жай укуктарын коргоо жана зарыл учурларда аларды
турак жай менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
- мамлекеттик камсыздоодогу тарбиялоочу мекемелерде, дарылоочу ме-
кемелерде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде жана башка ушул сыяктуу мекемелерде балдарды багуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн шарттарына көзөмөлдү ишке ашыруу;
- баланын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузууга байланыштуу
балдардын, ошондой эле уюмдардын кызмат адамдарынын жана жарандардын кайрылууларын кароо;
- тергөө, прокуратура жана сот органдарында балдардын таламдарын
жоктоо;
- бала менен ата-энелердин ортосунда пикир келишпестиктер болгон
учурда анын укуктары менен таламдарын коргоо үчүн баланын өкүлүн дайын- доо;
- ата-энелерди ата-энелик укуктардан ажыратуу же андан ажыратпас-
тан балдарды алып коюу үчүн сотко кайрылуу;
- ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө ишти соттук кароого каты-
шуу;
- асырап алуунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берүү аркылуу бал-
дарды асырап алуу жолжобосуна катышуу;
- балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдарга квартал сайын отчет берип туруу. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм өзүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн контракттарды түзүү жолу менен башка уюмдарды тартууга укуктуу.
4. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн документтерин
сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими ме- нен белгиленет.
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>