16-статья. Балдар иштери боюнча комиссиянын түзүмү, укуктук
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
16-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 16-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
статусу жана милдеттери
1. Балдар иштери боюнча комиссия:
- райондук администрациялардын алдында - тиешелүү райондордо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-
нын алдында (мэриялар, шаар башкармалыктары) - райондук бөлүнүү болбо- гон тиешелүү шаарларда;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары-
нын алдында (мэриялар) - райондук бөлүнүүсү бар тиешелүү шаарларда түзүлөт.
2. Балдар иштери боюнча комиссия туруктуу иштөөчү жумушчу орган
болуп саналбайт жана өз иштерин мезгилдүү негизде жүргүзөт. Балдар иш- тери боюнча комиссиянын иши туруктуу негизде иштеген, тиешелүү жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик админист- рация тарабынан түзүлгөн катчылык тарабынан уюштурулат. Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө жобо жана анын курамы көрсөтүлгөн комиссия түзүлгөн тиешелүү орган тарабынан бекитилет.
3. Балдар иштери боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ички иштер органынын өкүлү;
- билим берүү, илим жана жаштар саясаты органынын өкүлү;
- саламаттык сактоо органынын өкүлү;
- эмгек жана социалдык коргоо органынын өкүлү;
- райондук администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун
аткаруучу-тескөөчү органынын өкүлү;
- жарандык коомдун 4 өкүлү.
4. Балдар иштери боюнча комиссиянын милдеттери төмөнкүлөр:
- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн баланын андан ар-
кы тагдырын аныктоого тиешелүү (үй-бүлөдө калтыруу, асыроочу үй-бүлөгө берүү, ачык же жабык мекемеге жайгаштыруу) чечимдерин жактыруу;
- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн асыроочу же фос-
тердик үй-бүлөнү тандоого карата чечимдерин бекитүү;
- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн иш аракетин
көзөмөлдөө;
- баланы туура эмес ачык же жабык мекемеге жайгаштырган учурда бо-
шотууну камсыз кылуу;
- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин
иш аракеттерине, ошондой эле балдарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты- на же балдардын укуктарын бузууларга карата арыздар менен даттанууларды кароо.
5. Балдар иштери боюнча комиссия өз иштери тууралуу балдардын
укуктары менен таламдарын коргоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын от- чет берип турат.
6. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимине сот тартибинде датта-
нууга болот.
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>