Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Ош облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 23-августу № 167 Ош облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 1-, 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин" 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жөнүндө Жобонун" 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Жашасын Кыргызстан" саясый партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Бөрүбаев Мурза-Али Бөрүбаевич курамдан чыгарылсын;
- Кыргызстан коммунисттеринин партиясынан көрсөтүлгөн Атабаев Полот Джороевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон