Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Шайлоону маалыматтык жактам камсыз кылуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 82 "Об утверждении Положения «Об информировании избирателей и гарантиях прав граждан на получение и распространение информации в ходе подготовки и проведения выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-28.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 82 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 17-августу № 160 Шайлоону маалыматтык жактам камсыз кылуу жөнүндө «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин бир түрдүү колдонуу жана шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди токтоосуз чечүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылууга контролдук кылуу боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жобо бекитилсин. 2 Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылууга контролдук кылуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.С.Ли бекитилсин.
3. Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылуу жөнүндө Нускама жаңы редакциясында бекитилсин (тиркелет).
4. Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылуу жөнүндө Нускама мамлекеттик жана расмий тилдерде миң (1 000) нускада басып чыгарылсын.
5 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо маалыматтык жактан камсыз кылуу тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 13-августундагы №154 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.С.Лиге жүктөлсүн
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана…Постановление · 28.07.2015 · № 82
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон