1-статья
Күчүндө · 07.08.2006 редакциясы
"Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 228-ст.) төмөнкүдөй толук-
тоо киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:
"7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн
топологияга болгон мүлктүк укуктар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик
контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк
укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик тапшы-
рыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгилен-
бесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мам-
лекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон
мүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык берүүчүгө таандык болсо, мын-
дай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз Республика-
сынын мамлекеттик муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо же
жалданып иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укук
берүү жөнүндө мамлекеттик тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атаган
тараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү.
Топологияны түзүп, бирок укук ээси болуп саналбаган кызматкерге
(авторго) сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту ал-
ган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана апып
өлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин орто-
сундагы келишимде белгиленет.".
Берененин тексти 07.08.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 31.03.1998 · № 29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1942/st-1" title="1-статья - Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>