Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 7-августу № 150
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Интегралдык микросхемалардын топологияларын
укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 228-ст.) төмөнкүдөй толук-
тоо киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:
"7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн
топологияга болгон мүлктүк укуктар
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик
контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк
укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик тапшы-
рыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгилен-
бесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мам-
лекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон
мүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык берүүчүгө таандык болсо, мын-
дай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз Республика-
сынын мамлекеттик муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо же
жалданып иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укук
берүү жөнүндө мамлекеттик тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атаган
тараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү.
Топологияны түзүп, бирок укук ээси болуп саналбаган кызматкерге
(авторго) сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту ал-
ган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана апып
өлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин орто-
сундагы келишимде белгиленет.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын минист-
рликтери менен ведомстволорунун ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга
карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам ал күчүнө кирген күндөн тартып келип чыккан укуктук
мамилелерге карата колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 31.03.1998 · № 29
Шилтеме берет (1)
- Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 31.03.1998 · № 29