1-статья
Күчүн жоготкон · 01.08.2020 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 августа 2020 года № 110.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза- мына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 19-апрели, № 33") төмөнкүдөй өз- гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 7-статьянын биринчи пунктунун экинчи абзацындагы "Котормонун
тууралыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр "Жого- руда көрсөтүлгөн документтердин котормосун ишке ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 9-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баян-
далсын: "- өлгөн адамдын тууганына жарандык абалдын актысы мурда ага кара- та түзүлгөн".
3. 10-статьянын экинчи абзацы алып салынсын.
4. 14-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы "төрөгөн учурда," де-
ген сөздөрдөн кийин "ошондой эле башка далилдер" деген сөздөр менен то- лукталсын.
5. 41-статьядагы "соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу
күчүнө кирген" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын - ала каралган учурларда, соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 43-статьянын 2-пунктундагы "ушул чечимди чыгарган соттон" деген
сөздөр алып салынсын.
7. 42, 43, 44, 46 жана 47-статьялардагы "соттун" деген сөз "ыйга-
рым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 47-статьядагы "ата-энелер" (атасы же энеси) тарабынан",
"ата-энеси (атасы же энеси) жөнүндө" деген сөздөр тийиштүү түрдө "ата-энеси тарабынан", "атасы же энеси жөнүндө" деген сөздөр менен ал- маштырылсын.
9. 52-статьянын 5-пункту алып салынсын.
10. 53-статьянын 1-пунктундагы "ошондой эле аталыгын аныктоого кө-
зөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу бар учурда" деген сөздөр "көзөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу менен, ал эми мындай макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен алмашты- рылсын.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1941/st-1" title="1-статья - Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>