16-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузуучулар
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бузуучулар деп төмөнкүлөр таанылат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары же өткөрүү пункттары аркылуу, бирок андан өтүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу менен ар кандай ыкма менен өткөн же өтүүгө аракет кылган адамдар;
- Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүү максатында чет өлкөгө бараткан кыргыз же чет өлкөлүк унаа каражаттарына түшүп алган же түшүүгө аракет кылган адамдар;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан тийиштүү уруксаты жок өткөн же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу учуп өтүү эрежелерин бузган аба кемелери жана башка учуучу аппараттар.
Тийиштүү уруксаты болбостон же белгиленген тартипти бузуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ар кандай техникалык жана башка каражаттар менен өтүү аны бузуу болуп саналат.
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/194/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>