15-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тартибин бузуучулар
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тартибин бузуучулар деп төмөнкүлөр таанылат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын күтүүнүн, мамлекеттик чек арада ар кандай иштерди, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүнүн тартибин бузган адамдар;
- мамлекеттик чек ара аркылуу карым-катышта болуу менен чек арада ар кандай иштерди, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүнүн тартибин бузган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан белгиленбеген жерден өткөн адамдар;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында аэрофото сүрөткө тартууда жана башка иштерде учуулардын эрежесин жана тартибин бузган Кыргыз Республикасынын жана канатташ мамлекеттердин аба кемелери жана башка учуучу аппараттары.
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/194/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>