11-статья. Аскердик эмес аба кемелеринин учуп чыгуусу (чыгышы), конуусу (кириши)
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
Кыргыздын жана чет өлкөлүк аба кемелеринин Кыргыз Республикасынан учуп чыгуусу, ошондой эле Кыргыз Республикасына конуусу эл аралык учуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ачылган, Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын жана бажы мекемелеринин контролдоо-өткөрүү пункттары бар аэропорттордо (аэродромдордо) жүргүзүлөт. Аба кемелеринин учуп чыгышынын жана конуусунун башкача тартиби Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк учуучу аппараттардын ар кандай аңчылык, изилдөө жана иликтөө иштери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксаты менен же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүргүзүлгөндөн тышкары учурларда тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын ички сууларында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими менен кыргыздын жана чет өлкөнүн аскердик эмес кемелеринин сүзүп жүрүүсүнө жана болуусуна тыюу салынган райондор белгилениши мүмкүн. Мындай райондорду аныктоо жөнүндө белгиленген тартипте жарыя кылынат. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык катнаш үчүн ачылбаган Кыргыз Республикасынын аэропортторуна (аэродромдоруна) чет өлкөлүк жана жергиликтүү аба кемелерин кондурууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык катнаш үчүн ачылбаган порттордон (аэропорттордон жана аэродромдордон) кыргыздын аба кемелеринин чет өлкөгө карай чыгышына (учуп чыгышына); өткөрүү пункттарынан тышкары жерлерге транспорт каражаттарынын токтошуна, элдерди, жүк жана малды түшүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эл аралык актылардын ченемдери менен тыюу салынган башка аракеттерди жасоого.
Бөөдө кырсык, алаамат жана апаат болгондо, ошондой эле коркунучка же кыйроого кабылган адамдарга, учуучу аппараттарга жардам көрсөткөндө чек араны аргасыз кесип өтүү учурлары бул эрежелерге кирбейт.
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 734 "Каракол" аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.11.2011 · № 734
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/194/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>