10-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жол, автомобиль, аба жана башка катнаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, бажынын жана мамлекеттик чек арага контролдук кылуучу башка мекемелердин контролдоо-өткөрүү пункттары түзүлөт. Аба кемелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ушул Мыйзамга жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актыларына ылайык учуп өтүүнүн атайын бөлүнгөн аба тилкелери аркылуу өтөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын аба тилкесинен тышкары учуп өтүүгө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксаты менен гана жол берилет.
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/194/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>