Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «2010-жылы 27-июнда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 21-июну № 108 2010-жылы 27-июнда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-, 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жьглдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредитациялансын: -АКШ Эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институту (УДИ) (№ 1 тиркеме);
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (№2 тиркеме);
-Норвегиялык Хельсинки Комитета (№3 тиркеме); -Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучулары-Мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кецеши ( №4 тиркеме); -ЕККУ/ДИАУБ Миссиясы (№5 тиркеме). 2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 3 Бул токтом ЖМКларда жарыялансын. 4 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн 5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б.Ирискулбековго жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон