Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-июну № 84 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6- жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Референдумунда Эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредациялансын: -АКШнын эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институтунан төмөндөгү жарандар (№ 1 тиркеме); Кыргыз Республикасындагы Казак Республикасынын элчилигинен (№2 тиркеме); -Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын элчилигинен (№ 3 тиркеме); 2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин. 3 Бул токтом ЖМКга жарыялансын. 4 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн 5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.Б. Ирискулбековго жүктөлсүн
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон