Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 04-июну № 69 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумунда Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-, 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын референдумунда Эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредациялансын:
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши (№1 тиркеме-7 адам);
-ЕККУ/ДИАУБ Миссиясын (№2 тиркеме - 5 адам);
- Япония эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) (№3 тиркеме – 2 адам)
- ШКУ Катчылыгы ( №4 тиркеме - 3 адам);
- ЕврАзЭС Парламенттер аралык Ассамблеясы ( №5 тиркеме - 1 адам).
2 Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 3 Бул токтом ЖМКларда жарыялансын 4 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн 5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Э.Б Ирискулбековго жүктөлсүн
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон