КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 19-марты № 11 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кенешине шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 80-беренесинин 1-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 2010-жылдын 15-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 164200 (жүз алтымыш төрт миң эки жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет). 2 Финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (Салыкбаева Б.) Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык финансылоону жүргүзсүн. 3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Д.Лисовский
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 80 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айылдык кеңешинде шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 15.03.2010 · № 80