Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 18 декабря 2008 года № 662-р (О проведении на территории Кыргызской Республики единовременного учета скота и домашней птицы)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-12-13.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-декабры № 533-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын бардык категориялардагы чарбаларында малдын
жана үй канаттууларынын иш жүзүндөгү санын аныктоо максатында:
1. Республиканын аймагында бардык категориялардагы чарбаларда
2008-жылдын 1-январына карата малга жана үй канаттууларына бир жолку
санак жана айылдык, поселоктук жана шаардык кењештердин чарбалык эсепке
алуу документтериндеги жазууларды тактоо жүргүзүлсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары:
- малды жана үй канаттууларын саноого даярдануу жана санак жүргү-
зүү боюнча мамлекеттик ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү жетектеген
жумушчу комиссияларды түзүшсүн;
- мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын кызматкерлеринен, айылдык, шаардык жана поселоктук кењеш-
тердин депутаттарынан жана айыл башчыларынан, мамлекеттик жана коллек-
тивдүү чарбалардын, ветеринардык кызматтардын, укук коргоо органдары-
нын, кварталдык комитеттердин, коомчулуктун, иш менен камсыздоого кө-
мөктөшүү фонддорунун өкүлдөрүнөн ишке тартылчу адамдардын (санакчылар-
дын) тизмелерин бекитилсин жана алар иштечү участокторду белгилешсин;
- санакчылар 2008-жылдын 2-15-январында ар бир дыйкан (фермердик)
чарбаны, жеке көмөкчү чарбаны, ошондой эле айыл жана шаар жерлериндеги
дача участокторду, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды жана башка өзүнчө
жайгашкан объектилерди (темир жол разъезддерин, кашарларды, чабандардын
үйлөрүн, кыштоолорду жана башкаларды) милдеттүү кыдырып малдын жана үй
канаттууларынын ар бир түрүн саноо менен малдын жана үй канаттуулардын
санагын толук жүргүзүшүн камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- эл арасында малдын жана үй канаттууларынын санагынын милдеттери
жана максаттары жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн;
- санакчылардын персоналын унаа менен камсыздоо маселесин чечиш-
син, малды жана үй канаттууларды саноо учурунда санакчылардын коопсуз-
дугун камсыздашсын.
3. Көмөкчү чарбасында малы жана үй канаттуулары бар министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлиги-
нин башка органдары, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер санактын баш-
талышына чейин аларды 2008-жылдын 1-январына карата инвентаризациялоону
жана кайрадан санап чыгууну аякташсын.
4. Бардык уюштуруучу-укуктук формадагы жана менчиктин түрлөрүндөгү
айыл чарбалык ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республи-
касынын Улуттук статистика комитетине ар бир чарбадагы малдын жана үй
канаттууларынын иш жүзүндөгү саны жөнүндө толук жана текшерилген маалы-
маттарды белгиленген формаларда жана белгиленген мөөнөттө 2007-жылдын
1-январына карата беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу
боюнча), Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын аймактык ички иш-
тер органдары:
- 2007-жылдын 24-декабрына чейин айылдык, поселоктук жана шаардык
кењештерди малды жана үй канаттууларын саноо боюнча формулярлар менен
камсыздашсын;
- айылдык, поселоктук жана шаардык кењештердин жетекчилери менен
малды жана үй канаттууларын саноо боюнча нускоочулук кењешмелерди өткө-
рүшсүн;
- малдын жана үй канаттууларын болушуна контролдук текшерүүлөрдү
жүргүзүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине малды жана
үй канаттууларын саноонун баштапкы жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө 2008-жылдын 28-январына карата, ал эми акыркы жыйынтыгын
2008-жылдын 19-февралына карата берүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги айыл чарба жаныбарларынын жана үй канаттууларынын жу-
гуштуу ылањдарынын алдын алуу жана эпизоотияга каршы иштерди өз убагын-
да жүргүзүү максатында, ошондой эле ветеринардык препараттардын керек-
түү санын аныктоо үчүн малдын жана үй канаттууларынын саны жөнүндө так-
талган маалыматтарды пайдалансын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-ноябрындагы №
659-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-
нуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.