Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аймагында бардык категориялардагы чарбаларда 2007-жылдын 1-январына карата малга жана үй канаттууларга бир жолку санак жүргүзүлсүн жана айылдык, поселоктук жана шаардык кеңештердин чарба китептериндеги жазуулар жөнүндө»буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-ноябры № 659-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын бардык категориялардагы чарбаларында малдын
жана үй канаттуулардын иш жүзүндөгү санын аныктоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында бардык категориялардагы чарба-
ларда 2007-жылдын 1-январына карата малга жана үй канаттууларга бир
жолку санак жүргүзүлсүн жана айылдык, поселоктук жана шаардык кењештер-
дин чарба китептериндеги жазуулар такталсын.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары:
- белгиленген тартипте:
малды жана үй канаттууларды саноого даярдануу жана санак жүргүзүү
боюнча мамлекеттик ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү жетектеген жумуш-
чу комиссияларды түзүшсүн;
мамлекеттик администрациялардын, аймактык жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын, айылдык, поселоктук кењештердин, шаар
өкмөттөрдүн, мамлекеттик жана коллективдүү чарбалардын, кварталдык ко-
митеттердин кызматкерлеринен, коомчулуктун өкүлдөрүнөн ишке тартылчу
адамдардын (санакчылардын) тизмелерин бекитишсин жана алар иштечү учас-
токторду белгилешсин;
- санакчылар 2007-жылдын 2-15-январында ар бир дыйкан (фермердик)
чарбаны, жеке көмөкчү чарбаны, ошондой эле айыл жана шаар жерлердеги
дача участокторду, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды жана башка өзүнчө
жайгашкан обьектилерди (темир жол разьезддерин, кашарларды, чабандардын
үйлөрүн, кыштоолорду жана башкаларды) милдеттүү кыдырып малдын жана үй
канаттуулардын ар бир түрүн саноо менен малдын жана үй канаттуулардын
санагын сапаттуу жүргүзүшүн камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- эл арасында малдын жана үй канаттуулардын санагынын милдеттери
жана максаттары жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн;
- санакчылардын персоналын унаа менен камсыздоо маселесин чечиш-
син, ошондой эле малды жана үй канаттууларды саноо учурунда санакчылар-
дын коопсуздугун камсыздашсын.
3. Көмөкчү чарбасында мал жана үй канаттуулар бар министрликтер,
мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ишканалар, меке-
мелер жана уюмдар санактын башталышына чейин аларды 2007-жылдын 1-янва-
рына карата инвентаризациялоону жана кайрадан санап чыгууну аякташсын.
4. Бардык уюштуруучу-укуктук формадагы жана менчиктин түрлөрүндөгү
айыл чарбалык ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери статистика орган-
дарына ар бир чарбадагы малдын жана үй канаттуулардын иш жүзүндөгү саны
жөнүндө текшерилген маалыматтарды белгиленген формаларда жана белгилен-
ген мөөнөттө 2007-жылдын 1-январына карата беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу
боюнча), Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын аймактык ички иш-
тер органдары:
- 2006-жылдын 26-декабрына чейин айылдык, поселоктук жана шаардык
кењештерди малды жана үй канаттууларды саноо боюнча формулярлар менен
камсыздашсын;
- айылдык, поселоктук жана шаардык кењештердин жетекчилери менен
малды жана үй канаттууларды саноо боюнча нускоочулук кењешмелерди
өткөрүшсүн;
- малдын жана үй канаттуулардын санына контролдук текшерүүлөрдү
жүргүзүшсүн. Малдын саны жөнүндө маалыматтарды бурмалаган фактылар
аныкталган учурда күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-
на ылайык жоопко тартышсын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети малды жана
үй канаттууларды саноонун баштапкы жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө 2007-жылдын 26-январына карата, ал эми акыркы жыйынтыгын -
2007-жылдын 19-февралына карата берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ооруларынын алдын
алуу жана эпизоотияга каршы иштерди өз убагында жүргүзүү максатында,
ошондой эле ветеринардык медикаменттердин, препараттардын керектүү са-
нын аныктоо үчүн малдын жана үй канаттуулардын саны жөнүндө такталган
маалыматтарды пайдалансын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-декабрындагы №
534-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 533-б буйругуРаспоряжение · 13.12.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-декабрындагы № 534 буйругуРаспоряжение · 17.12.2005 · № 534 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-декабрындагы № 534 буйругуРаспоряжение · 17.12.2005 · № 534 · Күчүн жоготкон