Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 15-сентябры № 339-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосунда Көчүп келүү процесстерин жөнгө салуу жана көчүп
келгендердин укуктарын коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору
жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитетинин төрагасына көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү
эмес мүнөздөгү оњдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-майындагы №
309-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр А.Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Көчүп келүү
процесстерин жөнгө салуу жана көчүп келгендердин
укуктарын коргоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
- БУУнун адам укуктары боюнча негизги документтеринде камтылган
принциптерди жетекчиликке алып,
- 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан
Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери
жөнүндө Келишимдин жоболоруна негизденип,
- көчүп келүү процесстерин жөнгө салуу жана көчүп келгендердин
укуктарын коргоону камсыз кылуу милдетин өзү үчүн артыкчылыктуу деп
эсептеп,
- адамдардын ыктыярдуу көчүп келүү тартибин жана шарттарын аныкто-
ону каалап,
- эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жана салт болуп калган достук бай-
ланыштарын жана жакшы коњшулаштык мамилелерди сактоо жана бекемдөөгө
умтулууларын эске алып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья.
Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
"Көчүп келүүчү" - өзүнүн туруктуу жашаган мамлекетин ыктыярдуу
таштап жана башка мамлекеттин аймагына туруктуу жашоо үчүн көчүп келген
адам.
"Көчүп келүүчүнүн үйбүлө мүчөлөрү" - аялы (күйөөсү), ата-энеси,
жашы жетелек балдары, ошондой эле көчүп келүүчү менен бирге жашаган жа-
на анын багуусундагы башка үйбүлө мүчөлөрү.
"Чыгып кеткен мамлекети" - мурдагы туруктуу жашаган мамлекети.
"Көчүп келген өлкөсү" - жањы туруктуу жашаган мамлекети.
2-статья.
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына жа-
на Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына көчүп келишкен адам-
дарга жайылтылат.
Тараптар көчүп келүүгө адамдарды мажбурлоонун бардык түрүнө жол
берилбестигин таанышат.
3-статья.
Бул Макулдашуу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
а) качкындарга;
б) эмгекчи-мигранттарга;
в) кылмыш жасап соттолгон жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар-
га;
г) кирүүгө тоскоолдук кылган кырдаалдардын аракети токтотулганга
чейин кирүүчү мамлекеттин коопсуздугуна өзүнүн кириши зыян келтириши
мүмкүн болгон адамдарга;
д) мамлекеттик жана менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик эмес
мекемелердин, ошондой эле жеке адамдардын алдында мүлктүк жана башка
милдеттенмелер аткарылмайынча келиши токтотулган адамдарга;
е) окууга, жеке же ишке байланыштуу Кыргыз Республикасынын же Та-
жикстан Республикасынын аймагында убактылуу жүрүшкөн адамдарга;
ж) анык аскердик кызматта жүргөн адамдарга жана алардын үйбүлө мү-
чөлөрүнө.
4-статья.
Көчүп келүүгө уруксатты көчүп келе тургандарга көчүп келген мамле-
кетинин улуттук мыйзамдарына жана эларалык укуктун ченемдерине ылайык
көчүп келген мамлекети берет.
5-статья.
Тараптар өзүнүн аймагында көчүп келгендерге жана алардын үйбүлө
мүчөлөрүнө карата өз аймагында жынысы, расасы, тили, дини жана ынаным-
дары, саясий жана башка көз карашы, улуттук, этностук же социалдык те-
ги, экономикалык, мүлктүк жана үйбүлөлүк абалынын белгилери боюнча ко-
дулоого жол бербөөнү камсыз кылышат.
6-статья.
Көчүп келүү жана ушул Макулдашууну сактоону контролдоо боюнча иш-
терди координациялоону Тараптар төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандарга жүктөшөт:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине;
Тажикстан Республикасында - Тажикстан Республикасынын Эмгек жана
калкты социалдык жактан коргоо министрлигине.
7-статья.
Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары көчүп келгендер-
ге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө төмөнкүдөй зарыл маалыматтарды бери-
шет:
а) ушул Макулдашуунун мазмуну жөнүндө;
б) көчүп келген мамлекетиндеги алардын укуктары жана милдеттери
жөнүндө;
в) көчүп келген мамлекетинде жумушка орношуу шарттары, билим алуу,
кесиптик даярдоо мүмкүнчүлүктөрү, кайра даярдоо, кесиптик багыт алуу,
ошондой эле жашоо шарттары (жаратылыштык-климаттык, туракжай-турмуш
шарттык, социалдык-маданий жана башка шарттар);
г) жарандардын көчүп келиши менен байланышкан маселелерди жөнгө
салган улуттук мыйзамдар жана башка ченемдик актылар жөнүндө;
д) Тараптардын мамлекеттеринин аймагында кирүү-чыгуу үчүн доку-
менттерди тариздөөгө талаптардын өзгөрүшү жөнүндө.
8-статья.
Көчүп келгендер жана алардын үйбүлө мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:
а) көчүп кеткен мамлекетинен белгиленген тартипте катталган жана
көчүп кеткенге чейин алардын жеке менчигинде турган бардык кыймылдуу
мүлктү кеткен мамлекетинин мыйзамдарына ылайык анын улуттук байлыктары
болуп таанылган алып чыгуучу маданий, тарыхый жана башка баалуулуктарга
чектөөлөрдү эске алуу менен алып чыгууга;
б) алардын жеке менчигинде болгон мүлктү сатууга же башкача
тескөөгө;
в) көчүп кеткен мамлекетинин банктык мекемелеринде жайгаштырылган
акча салымдарын жана активдерин көчүп келе турган мамлекетинин банктык
мекемелерине Тараптардын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык ко-
торууга;
г) көчүп кеткен мамлекетинин аймагында менчик укугундагы аларга
таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, акча салымдарды жана активдер-
ди калтырууга, аларга карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун
жүзөгө ашырууга.
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк көчүп кеткен мамлекетинин бийликтери
тарабынан мамлекеттин чегинен тышкары туруктуу жашаган же көчүп келген
мамлекеттин жараны болбогон адам анын ээси болушунун негизинде ээликтен
ажыратылышы мүмкүн эмес.
9-статья.
Улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте чыгып кеткен мамлекети
көчүп кете тургандарга жана анын үйбүлө мүчөлөрүнө кызматтык жана ве-
домстволук туракжайдан тышкары, алар мыйзамдуу негизде ээлеген мамле-
кеттик жана муниципалдык туракжайды менчиктештирүүгө укук берет.
Көчүп кете тургандардын менчигинде турган мүлккө ээлик кылуу, пай-
далануу жана тескөө кете турган мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ыла-
йык толук көлөмдө өздөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Көчүп кете турган мамлекетинин аймагында болгон менчикке карата
жарандык-укуктук талаш-тартыштар бир жагынан көчүп кете тургандардын
жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн, экинчи жагынан кызыкдар жактардын ор-
тосунда чыгып кете турган мамлекетинин аймагында анын мыйзамдары жана
ушул Макулдашууга ылайык сот тартибинде чечилет.
Көчүп келе турган мамлекетинин компетенттүү органдары көрсөтүлгөн
талаш-тартыштар боюнча, анын ичинде көчүп келе турган мамлекетинин ай-
магында аткарылуучу максаттар үчүн соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген
чечимдерин тааныйт.
10-статья.
Тараптар көчүп келе тургандарды жана алардын үйбүлө мүчөлөрүн
өздөрүнүн жеке мүлкүн ташып кетүүгө жана ташып чыгууга чектөөлөрдөн,
бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошо-
тот (Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен алып кирүүгө/алып чы-
гууга тыюу салынган предметтерди эсепке албаганда).
Алынып чыга турган акча каражаттары жана которула турган акча са-
лымдары жана активдер которуу кызматтары үчүн акы төлөөлөрдү түзгөндөн
башкасы алымдардан жана жыйымдардан бошотулат.
11-статья.
Көчүп чыгуучу мамлекети көчүп кете тургандарга жана алардын үйбүлө
мүчөлөрүнө алардын менчигинде болгон туракжайга жана башка мүлкүнө са-
тууга жана башка түрдө тескөөгө тоскоол болбойт.
Көчүп чыгуучу мамлекети көчүп келе тургандарга жана алардын үйбүлө
мүчөлөрүнө жањы жашай турган жерине жайгашууга көмөк көрсөтөт.
Алардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипке
ылайык жасала турган көчүп келүүчүлөрдүн ортосунда туракжайды алмашууга
тоскоолдук кылбайт.
12-статья.
Көчүп келүүчү мамлекети жыл сайын көчүп келүүгө квота белгилейт,
ага ылайык көчүп келгендерге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө бул мамле-
кетке көчүп келүүгө уруксат берилет. Квотанын өлчөмдөрү мамлекет тара-
бынан өзалдынча аныкталат.
Тараптар мамлекеттердин биринин аймагына адамдардын көчүп келүүгө
уруксатты албастан көчүп келүүгө укугун тааныйт. Өзалдынча көчүп келиш-
кен адамдарга ушул Макулдашуунун жоболору таркатылбайт.
13-статья.
Тараптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүн
тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасында
ача алышат. Зарыл болгон учурларда Тараптардын мамлекеттеринин аймагын-
да Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрү-
нүн пункттары ачылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн функция-
ларына төмөнкүлөр кирет:
а) көчүп келүү программасын жүзөгө ашыруу;
б) көчүп келгендерди кабыл алуу боюнча Тараптардын мүмкүнчүлүктө-
рүн жыл сайын аныктоо жана макулдашуу, ал өзүнчө Протокол боюнча тариз-
делет;
в) Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен тыюу салынбаган
маалымат алмашуу жана өзара консультация жүргүзүү;
г) ушул Макулдашуунун 7-статьясында каралган көчүп келгендерге жа-
на алардын үйбүлө мүчөлөрүнө маалыматтарды берүү;
д) көчүп келгендерге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө көчүп кетүүгө
жана көчүп келүүгө байланышкан талап кылынган формалдуулукту жана
жол-жоболорду жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүү.
14-статья.
Көчүп келгендерге жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнүн социалдык жактан
камсыз кылууга укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби өзүнчө Макулдашуу менен
жөнгө салынат.
15-статья.
Тараптардын өзара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө
протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши
мүмкүн, алар анын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуу-
нун 18-статьясында каралган тартипте күчүнө кирет.
16-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча бардык
талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда
сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
17-статья.
Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эларалык
келишимдерден келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин
козгобойт.
18-статья.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу
түрүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жыл мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири да
тийиштүү мезгил аяктаганга чейин алты ай мурда ушул Макулдашуунун күчүн
токтотууга өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө башка Тарапка жазуу түрүндө
билдирбесе, ар бир жолу кийинки беш жылга өзүнөн өзү узартылат.
Бишкек шаарында 2007-жылдын "___"_________________ эки нускада
түзүлдү, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде, бардык тексттер
бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө ача пикирлер келип чыккан
учурларда негиз катары орус тилиндеги текст алынат.
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-майындагы № 309-б БуйругуРаспоряжение · 24.05.2004 · № 309 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Договор об основах межгосударственных отношений между Кыргызской Республикой и Республикой Таджикистан (Ратифицирован Законом КР от 5 июля 1997 года N 45)Договор · 12.07.1996
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-майындагы № 309-б БуйругуРаспоряжение · 24.05.2004 · № 309 · Күчүн жоготкон