Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 15 сентября 2007 года № 339-р (Об одобрении проекта Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Таджикистан о регулировании процесса переселения и защите прав переселенцев)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-09-15.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 15-сентябрындагы № 339-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 24-майы № 309-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Көчүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келгендер-
дин укугун коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
Премьр-министр Н.Танаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда
көчүү процессин жөнгө салуу жана көчүүчүлөрдүн
укугун коргоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтү,
мындан ары "Тараптар" деп аталуучу,
- адам укуктары боюнча БУУнун материалдарынын негизги принциптери-
не таянуу менен,
- Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосунда
1996-жылдын 12-июлундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негизи туура-
луу Келишимдин жоболоруна негизденип,
- өз эрки менен көчө тургандар үчүн жөнөкөйлөтүлгөн шартын жана
тартибин белгилөөнү каалап,
- тарыхый жана салттуу достук байланыштарды жана бир тууган коњшу-
лаштык мамилелерди сактоого жана бекемдөөгө эки өлкөнүн элдеринии умту-
лууларына таянып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Бул Келишимдеги пайдаланылган терминдер төмөндөгүдөй маанилерге
ээ:
"Көчүүчү" - туруктуу жашап жаткан мамлекетин өз эрки менен калты-
рып, туруктуу жашоо үчүн башка мамлекеттин аймагына келген адам.
"Көчүүчүнүн бүлөсү" - аялы (күйөөсү), ата-энеси, өспүрүм балдары,
ошондой эле көчүүчү менен чогуу жашап жана жалпы чарбачылык жүргүзгөн
башка туугандары, эмгекке жараксыз багуудагылар.
"Көчүп кетүүчү мамлекет" - мурунку туруктуу жашаган мамлекети.
"Көчүп келүүчү мамлекет" - туруктуу жањы жашай турган мамлекети.
2-статья.
Бул Келишим Кыргыз Республикасынан Тажик Республикасына жана Тажик
Республикасынан Кыргыз Республикасына көчүп барган адамдарга карата
колдонулат.
Тараптар адамдарды ар кандай зордоп көчүрүүгө жол берилбестигин
таанышат.
3-статья.
Бул Келишим төмөнкүлөргө колдонулбайт:
а) качкындарга;
б) мигрант-эмгекчилерге;
в) күнөөсү үчүн соттолгондорго жана күнөөсүн өтөп жаткандарга;
г) көчүп келүүгө тоскоолдук кылуучу абал оњолмоюнча, көчүп келиши
мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтире тургандарга;
д) мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен жана мекемелер-
дин, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен ошондой эле жеке
адамдардын алдында мүлк жана бересесинен кутула электигинен көчүп келүү
кийинкиге калтырылгандарга;
е) Кыргыз Республикасынын же Тажикстан Республикасынын аймагында
окууга, өз алдынча жана иш боюнча барып, убактылуу тургандарга;
ж) чындыгында аскер кызматын өтөгөн аскер кызматындагыларга жана
алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө.
4-статья.
Көчүүчүлөргө көчүп келүү уруксатын эл аралык укуктук жана
кирүүчү мамлекетгин улуттук мыйзамдарынын нормаларына ылайык
көчүп кирүүчү мамлекет тарабынан берилет.
5-статья.
Тараптар өз аймактарында көчүүчүлөрдү жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүн жыныстык, улуттук, тил, диний жана ишеним белгилери, саясий
жана башка көз караштары, улуттук, этностук же социалдык абалы, эконо-
микалык мүлктүк жана үй-бүлөлүк шарты боюнча басмырлоого жол бербестен
камсыз кылышат.
6-статья.
Тараптар бул Макулдашууну контролдоону жана көчүүчүлөрдүн иштерин
координациялоону, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жүктөшөт:
- Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-
нистрлиги;
- Тажик Республикасында - Тажик Республикасынын калкты эмгек жана
социалдык жактан коргоо министрлиги;
7-статья.
Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары көчүп келгендер-
ге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүдөй зарыл маалыматтарды бе-
рет:
а) ушул Макулдашуунун мазмуну жөнүндө;
б) көчүп келүүчү мамлекеттеги алардын укуктары жана милдеттери ту-
уралуу;
в) иш менен жайгаштыруунун шарттары, билим алуу мүмкүнчүлүгү, ке-
сиптик даярдык, кайра даярдоо, кесиптик багыт берүү жана ошондой эле
көчүп келген мамлекеттеги жашоонун шарттары (табигый-жаратылыш, тур-
муш-тиричилик, социалдык-маданий ж.б.) жөнүндө.
8-статья.
Көчүп келүүчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү мындай укуктарга
ээ:
а) көчүп келүүчү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын улуттук бай-
лыгы болуп эсептелген маданий, тарыхый жана башка дөөлөттөрдү эсепке
алган чектөөдөн башка бардык белгиленген тартипте катталган жана көчүп
кеткенге чейин өз менчиги болуп эсептелген кыймылдуу мүлктү ал мамле-
кеттен алып кетүүгө;
б) алардын жеке менчиги болуп эсептелген мүлктү сатууга же болбосо
башкача пайдаланууга;
в) Тараптын мыйзамдарында тартипте көчүп кетүүчү мамлекеттин мам-
лекеттик банк мекемелерине салынган акчасын жана активин көчүп келүүчү
мамлекеттин аныкталган мамлекеттик банк мекемелерине ылайык которууга;
г) көчүп кетүүчү мамлекеттин аймагында өзүнө тиешелүү кыймылдуу
жана кыймылсыз мүлккө, айыл чарба багытындагы тиешелүү жерлерден тышка-
ры, акчалай салымдарына жана активдерине менчик укугун сактоо менен ээ-
лик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укуктарын жүргүзүүгө;
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, айыл чарба багытындагы жерлерден
тышкары, ээси чет мамлекетте туруктуу жашаса же көчүп кетүүчү мамлекет-
тинин жараны болбосо, анда аталган мүлккө ээлик кылуу укугунан ажыра-
тылбайт.
9-статья.
Көчүп кетүүчү мамлекет көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүнө улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик же му-
ниципалдык, кызматтык жана ведомстволуктан тышкары ээлеп турган турак
жайларын менчиктештирип алууга укук берет.
Көчүүчү өзүнүн менчигинде болгон мүлктү башкарууну, пайдаланууну
жана жайгаштырууну ишке ашыруу көчүп кетүүчү мамлекеттин улуттук мый-
замдарына ылайык жүргүзүлөт.
Бир тараптан - көчүп кетүүчү мамлекеттин аймагында турган
көчүүчүлөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда, же экинчи та-
раптан - тиешелүү адамдар тарабынан менчик жөнүндө граждандык-укуктук
талаптар көчүп кетүүчү мамлекеттин аймагында ошол мамлекеттин мыйзамда-
рына ылайык жана ушул - Макулдашуунун негизинде сот аркылуу чечилет.
Көчүп келүүчү мамлекеттин компетентүү бийликтери көчүп кетүүчү
мамлекеттин сотторунун аталган талаш-тартыш боюнча мыйзамдуу күчкө кир-
ген чечимдерин, анын ичинде көчүп келүүчү мамлекеттин аймагында аткаруу
максатында таанышат.
10-статья.
Тараптар көчүүчүлөрдү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн менчик мүлктү
(Тараптардын мамлекеттик мыйзамдары менен четтен алып келүүгө/алып
кетүүгө тыюу салынган буюмдардан тышкары) алып кирүүгө жана алып чыгуу-
га коюлуучу чектөөлөрдөн жана ушуга байланыштуу бажы алымынан дагы баш-
ка жыйымдардан бошотууну камсыз кылышат.
Көчүүчүлөр тарабынан ишке ашырылуучу төлөмдөрдөн тышкары, чыгары-
луучу акча каражаттары, жана которулуучу манаттар жана активдер жыйым-
дан жана пошлинадан бошотулат.
11-статья.
Көчүп кетүүчү мамлекет көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүнө менчик турак-жайын жана башка мүлкүн сатууга же башка пайда-
лануунун башка түрлөрүнө тоскоолдук кылбайт.
Көчүп келүүчү мамлекет келүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүнө жањы жашаган жерде жайгашуу боюнча жардам көрсөтөт.
Тараптар эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарында белгиленген тартип-
ке ылайык көчүүчүлөр турак-жайларын өз ара алмашууга тоскоолдук кылыш-
пайт.
12-статья.
Көчүп келүүчү мамлекет жыл сайын көчүп келүү боюнча квота (чектөө)
белгилейт, ага ылайык көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бул
мамлекетке көчүп келүүгө уруксат берилет. Квотанын өлчөмү көчүп келүүчү
мамлекет тарабынан өз алдынча белгиленет.
Тараптар мамлекеттердин биринин аймагына адамдардын өз алдынча
уруксат албастан көчүп келүүгө укуктуу деп таанышат. Өз алдынча көчүп
келгендерге бул Макулдашуунун жоболору колдонулбайт.
13-статья.
Тараптар Кыргыз Республикасында жана Тажик Республикасында өзүнүн
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын өкүлчүлүктөрүн ача алат. Зарыл-
чылык болгон учурда ар бир Тараптын аймагында Тараптардын ыйгарым укук-
туу мамлекеттик органына таандык пункттарды ачууга болот.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функциясына төмөнкүлөр ки-
рет:
а) көчүрүү програмаларын жүзөгө ашыруу;
б) өзүнчө Протокол менен таризделген көчүүчүлөрдү кабыл алуу боюн-
ча Тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн жыл сайын тактоо жана макулдашуу;
в) Тараптардын мыйзамдарында тыюу салынбаган маалымат алмашуу жана
өз ара консультациялар;
г) көчүүчүлөргө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул Макулдашуунун
7-статьясында каралган боюнча маалымат берүү;
д) көчүүчүлөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көчүп кетиши-
не-келишине байланыштуу талап кылынган формалдуулуктарды жана жол-жобо-
лордун аткарышына жардамдашуу.
14-статья.
Көчүүчүлөрдүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо
укуктарын пайдалануу тартиби өзүнчө Макулдашуу менен жөнгө салынат.
15-статья.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзүнчө прото-
кол менен таризделген, ушул Макулдашуунун 18-статьясында каралган тар-
типте анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана күчүнө кирген
өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилүүгө мүмкүн.
16-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун талкулоо жана колдонуу боюнча бардык
талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жана
кењешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
17-статья.
Бул Макулдашуу башка Тараптын катышуучулары болуп саналган, эл
аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптын укугуна жана милдетине тий-
бейт.
18-статья.
Бул Макулдашуу - ратификацияланууга тийиш, ратификациялоо грамота-
ларын алмашуу күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою колдонулат.
Эгерде Тараптардын бири дагы беш жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин алты
айдан кем башка Тарапка кат түрүндө бул Макулдашуунун күчүн токтотуу
жөнүндө өзүнүн ниетин билдирбесе, анда анын колдонулушу автоматтык
түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
_______ шаарында 200_ ж. ___ ______ эки түп нускада ар бири кыр-
гыз, орус жана тажик тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө
ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун талкулоодо пикир келишпестиктер келип
чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Тажик Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-сентябрындагы № 339-б БуйругуРаспоряжение · 15.09.2007 · № 339
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-сентябрындагы № 339-б БуйругуРаспоряжение · 15.09.2007 · № 339