1-статья. "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатын-
Күчүндө · 24.02.2006 редакциясы
да Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү-
лөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы "жалдоочу" деген сөз тиешелүү
жөндөмөдө жана санда "иш берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы "идентификациялык (камсызданды-
руу) номери" жана "идентификациялык номери" деген сөздөр тиешелүү
жөндөмөдө жана санда "жекече идентификациялык номери" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын.
2. 1-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:
"камсыздандырылган адамга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
"бул адамда" деген сөздөр "ушул адамдарда" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Жекече идентификациялык номерди Кыргыз
Республикасынын министрликтеринин жана
ведомстволорунун пайдалануусу
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ведомс-
тволук маалыматтар базасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын социалдык
фонду тарабынан ыйгарылуучу жарандардын жекече идентификациялык номер-
лерин пайдаланууга укуктуу.".
4. 3-статья төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толуктал-
сын:
"Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабы-
нан жекече идентификациялык номерди бирдиктүү маалыматтык мейкиндикте
пайдалануу, ошондой эле маалыматты эсепке алууну жана анын тууралыгын
камсыз кылуу.".
Берененин тексти 24.02.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1853/st-1" title="1-статья - Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>