Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 24-февралы № 65
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу
максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече
(индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүү тууралу
2005-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья."Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатын-
да Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү-
лөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы "жалдоочу" деген сөз тиешелүү
жөндөмөдө жана санда "иш берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы "идентификациялык (камсызданды-
руу) номери" жана "идентификациялык номери" деген сөздөр тиешелүү
жөндөмөдө жана санда "жекече идентификациялык номери" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын.
2. 1-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:
"камсыздандырылган адамга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
"бул адамда" деген сөздөр "ушул адамдарда" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Жекече идентификациялык номерди Кыргыз
Республикасынын министрликтеринин жана
ведомстволорунун пайдалануусу
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ведомс-
тволук маалыматтар базасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын социалдык
фонду тарабынан ыйгарылуучу жарандардын жекече идентификациялык номер-
лерин пайдаланууга укуктуу.".
4. 3-статья төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толуктал-
сын:
"Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабы-
нан жекече идентификациялык номерди бирдиктүү маалыматтык мейкиндикте
пайдалануу, ошондой эле маалыматты эсепке алууну жана анын тууралыгын
камсыз кылуу.".
2-статья.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук
актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы №573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.08.2006 · № 573 · Күчүн жоготкон