Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 8-декабры № 515-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-сентябрындагы № 351-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 6-декабрындагы №
435 буйругун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын
Кыргыз Республикасынын жаранынын эл аралык стандарттарга туура келген
паспорттору менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында:
1. 2004-жылдын 27-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын жањы
үлгүдөгү жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспортторунун жана
жарандарынын паспортторунун бланктарын жасоо жана берүү, Контракт иште-
ген мезгилде паспортторду персоналдаштыруунун автоматташтырылган систе-
масын иштеп чыгуу, орнотуу жана эксплуатациялоо" инвестициялык долбоо-
рун ишке ашыруу боюнча контрактка № 2 Кошумча макулдашуунун (мындан ары
- № 2 Кошумча макулдашуу) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-
на байланыш улуттук агенттигинин төрагасына (макулдашуу боюнча) жогору-
да көрсөтүлгөн № 2 Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. № 2 Кошумча макулдашууга кол коюлгандан кийин Кыргыз Республи-
касынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш улуттук
агенттигине (макулдашуу боюнча) 2004-жылдын 27-апрелиндеги "Кыргыз Рес-
публикасынын жањы үлгүдөгү жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык
паспортторунун жана жарандарынын паспортторунун бланктарын жасоо жана
берүү, Контракт иштеген мезгилде паспортторду персоналдаштыруунун авто-
матташтырылган системасын иштеп чыгуу, орнотуу жана эксплуатациялоо"
инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча контрактта жана № 2 Кошумча
макулдашууда каралган иш-чаралардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик
жүктөлсүн.
4. Акы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төмөнкүдөй
контракттык баа боюнча төлөнөөрү белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын персоналдаштырылган жалпы жа-
рандык паспорту үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акы
төлөнгөн күнгө карата курсу боюнча 6,79 Еврого барабар өлчөмдө;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын персоналдаштырылган дипломатия-
лык паспорту үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акы төлөнгөн
күнгө карата курсу боюнча 6,79 Еврого барабар өлчөмдө;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын персоналдаштырылган кызматтык
паспорту үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акы төлөнгөн
күнгө карата курсу боюнча 6,79 Еврого барабар өлчөмдө;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жасалган паспорту үчүн Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкынын акы төлөнгөн күнгө карата курсу боюнча
1,18 Еврого барабар өлчөмдө.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор жана башка мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жаранынын
паспортун алууга (алмаштырууга) арыздардын бланктарынын, дипломатиялык
жана кызматтык паспорттордун буклеттеринин наркын төлөөнү өз каражатта-
рынын эсебинен жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы №
351-б буйругунун редакциясына ылайык)
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2005-жылдын 17-июнундагы №
259-6 буйругунун 1, 2 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын реформаларды, мамлекеттик программалар-
ды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-бРаспоряжение · 17.06.2005 · № 259
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы № 515-б толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрында…Распоряжение · 20.09.2007 · № 351
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 259-бРаспоряжение · 17.06.2005 · № 259
- КР Президентинин 2005-жылдын 6-декабрындагы ПБ №435 буйругуРаспоряжение · 06.12.2005 · № 435 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-июлундагы, №329-б буйругуРаспоряжение · 26.07.2005 · № 329 · Күчүн жоготкон