Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ №435 буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Президента КР от 8 сентября 2023 года РП № 173 (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Президента Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-08.
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 6-декабры, ПБ №435
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Республиканын жарандарын эларалык стандарттарга жооп берген Кыргыз
Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана
байланыш Улуттук агентгиги:
- Молдова Республикасынын маалыматтык өнүктүрүү министрлигинин
"Регистру" мамлекеттик ишканасы менен 2004-жылдын 27-апрелиндеги
"Жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспорттордун жана Кыргыз
Республикасынын жаранынын паспортторунун бланкттарынын жањы үлгүлөрун
даярдоо жана берүү, Контракт колдонулган мезгилде паспортгордун
автоматташтырылган персоналдаштыруу системасын (ПАПС) иштеп чыгуу,
орнотуу жана эксплуатациялоо" инвестициялык долбоорун жүзөгө ашыруу
боюнча Контракт (мымдан ары - Контракт) жагындагы ишти кайра
жандандырсын;
- Түштүк Кореянын "Venture C&C Plaza Co. Ltd", компаниясы менен
андан аркы кызматташтык жөнүндөгү маселени карасын. ал эми зарыл
болгон учурда Молдова Республикасынын маалыматтык өнүктүрүү
министрлигинин "Регистру" мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз
Республикасынын таламдарына жооп берген кошумча макулдашууларды
түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү зарыл болгон учурда
жогоруда аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
консультациялык колдоо көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул буйруктун 1-пунктун жүзөгө
ашыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине
маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы № 515-бРаспоряжение · 08.12.2005 · № 515
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8- сентябрындагы ПТ № 173 (Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарынын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 08.09.2023 · № 173