Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 30-августундагы № 393-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө Париж Клубунун
2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу максатында:
1. Долбоорлор жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын тышкы карызын
жана реструктуралаштыруу жөнүндө макулдашуу ("Кыргызстан II" макулдашуусу);
- KfW банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы
28 241 912,96 евро суммасына Консолидациялык макулдашуу (Консолидация 2005);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Euler Hermes
Kreditversicherungs-Aktiengesellschaft, Hamburg, и PricewaterhouseCoopers
Aktiengesellschaft Wirtschaftsprufungsgesellschaft, Frankfurt am Mainден
турган Консорциумдун ортосундагы келишим.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статс-катчысы
Төрөмырзаев Эмирлан Төрөмырзаевичке жогоруда аталган Макулдашуунун долбоо-
руна, Консолидациялык макулдашуунун долбооруна жана Келишимдин долбборуна
принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу
менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.