30-статья. Өтүнмөнү экспертизадан өткөрүү
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · IX бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Өтүнмөнүн экспертизасы Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат жана алдын ала жүргүзүлүүчү экспертиза менен өтүнмө берилген белгилөөнүн экспертизасын камтыйт. Өтүнмө берилген күндөн тартып бир айдын ичинде өтүнмө ээси кошумча акы төлөөсүз өтүнмөнүн маңызын өзгөртпөй турган толуктоолорду, тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу. Эгерде кошумча материалдар өтүнмөнүн маңызын өзгөртө турган болсо, бул материалдар кароого кабыл алынбайт, ал өтүнмө ээси тарабынан өз алдынча өтүнмө катары катталышы мүмкүн. Экспертизаны жүргүзүү мезгилинде Кыргызпатент өтүнмө ээсинен экспертиза жүргүзүү мүмкүн болбой турган кошумча материалдарды сурап алууга акылуу. Суралган материалдар суроо-талап алынган күндөн тартып эки ай ичинде берилүүгө тийиш. Өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча, жүйөлүү себептер болгондо жана тийиштүү алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент бул мөөнөттү алты айга чейин узарта алат. Эгерде өтүнмө ээси көрсөтүлгөн мөөнөттү бузса же экспертизанын суроо-талабын жоопсуз калтырса, өтүнмө кайтарылып алынды деп эсептелет. Кыргызпатентке өтүнмө берилген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин өтүнмөгө алдын ала экспертиза жүргүзүлөт. Экспертизанын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган зарыл болгон документтердин курамы, алардын туура жазылышы, алымдын төлөнүшү текшерилет. Өтүнмө ээси бир ай өткөнгө чейин алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизаны баштоо жөнүндөгү кат жүзүндө өтүнүч бере алат, өтүнүч берилген күндөн тартып өтүнмө ээси ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган укугун жоготот. Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмө кароого кабыл алынат же аны кароодон баш тартылгандыгы жөнүндө чечим чыгарылат. Алдын ала жүргүзүлүүчү экспертизанын натыйжалары жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине кабарлайт. Өтүнмөнү алдын ала экспертизалоонун он натыйжалары жөнүндө бир убакта билдирүү менен өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берүү күнү билдирилет. Карап чыгууга кабыл алынган өтүнмө боюнча анын ушул Мыйзамдын 27-статьясында белгиленген талаптарына ылайык келээрине экспертиза жүргүзүлөт. Экспертиза бүткөндөн кийин Кыргызпатент товар чыккан жердин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндө же товар чыккан жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө жана аны пайдаланууга укук берүү же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндө чечим же аларды пайдаланууга укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Өтүнмө ээси өзүнүн өтүнмөсүн аны карап чыгуунун ар кандай этабында кайтарып ала алат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-30" title="30-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>