Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-статья. Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · IX бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же эчак катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) Кыргызпатентке өтүнмө ээси (ээлери) тарабынан өз алдынча же Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилет. Өтүнмө товар чыгарылган бир гана жердин аталышына тиешелүү болууга тийиш. Өтүнмө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: товарлардын чыгарылган жеринин аталышын каттоо жана аны пайдаланууга укук берүү жөнүндөгү же эчак катталган товарлардын чыгарылган жеринин аталышын пайдаланууга укук берүү жөнүндөгү арыз, анда өтүнмө ээсин (ээлерин), ошондой эле анын (алардын) турган жерин жана жашаган жерин көрсөтүү керек; өтүнмө берилип жаткан белгилөө; товарды көрсөтүү, мында аны белгилөө үчүн товарлардын чыгарылган жеринин атын каттоо жана аны пайдалануу укугун берүү же эчак катталган товарлардын чыгарылган жеринин атын пайдаланууга укук берүү суралып, ал өндүрүлүүчү жер (географиялык обьектинин чеги) көрсөтүлөт; товардын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмөгө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш: өтүнмөнүн ээси көрсөтүлгөн географиялык объектиде тургандыгы жөнүндө жана ушул көрсөтүлгөн географиялык обьект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары же адамдык факторлору менен белгиленүүчү же болбосо жаратылыш шарттары жана адамдык факторлору менен бир мезгилде белгиленүүчү өзгөчө сапаттары товарды өндүрүп жаткандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу; чет өлкөлүк өтүнмө ээси үчүн - товар чыгарылган өлкөдө өтүнмө берилген товарлардын чыгарылган жеринин аталышына анын укугун ырастоочу документ; белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ. Ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке келип түшкөн күн, ал эми эгерде көрсөтүлгөн документтер бир убакта берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы келип түшкөн күн өтүнмө берилген күн деп эсептелет. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер кыргыз же орус тилинде берилет. Эгерде бул документтер башка тилде берилсе, анда өтүнмөгө алардын мамлекеттик же расмий тилде котормосу тиркелет. Жогоруда айтылган өтүнмөнүн документтерине жана аларды берүүнүн тартибине коюлган талаптар Кыргызпатент тарабынан белгиленет. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-29" title="29-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>