8-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо
Күчүндө · 06.07.2023 редакциясы
Адамдардын ден соолугуна жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө тийгизген пестициддердин жана агрохимикаттардын терс таасиринин кооптуулугуна баа берүү боюнча кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон учурда, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноолорунун жыйынтыктарына карата жүргүзүлгөн экспертизанын корутундуларынын негизинде, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноосун уюштурууну жана мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо эки жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Калган учурларда пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо он жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоонун тартиби аларды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет. Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоону жана каттоо боюнча сыноолорду уюштурууну ишке ашыруучу аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими боюнча жеке же юридикалык жакка пестициддерди жана (же)агрохимикатты мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө каттоо күбөлүгү берилет. Бул каттоо күбөлүгүнүн таризи пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет. Пестицид же агрохимикат Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестицид менен агрохимикаттардын Мамлекеттик каталогун пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын шайкештигин өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча жүзөгө ашырылат. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 116, 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 июля 2012 года № 116 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"Редакцияларды салыштыруу
06.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо
алынып салынды: Пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо аларды экспертиза жүргүзгөн корутундулардын негизинде эки жылдык мөөнөткө, ал эми адамдардын кошулду: Адамдардын ден соолугуна жана алынып салынды: айлана-чөйрөгө кошулду: курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө тийгизген кошулду: пестициддердин жана агрохимикаттардын терс алынып салынды: таасирин баалоо кошулду: таасиринин кооптуулугуна баа берүү боюнча кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болгон алынып салынды: учурларда регистрациялык каттоолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүүнүн тыянагынын негизинде аткаруучу бийликтин кошулду: учурда, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноолорунун жыйынтыктарына карата жүргүзүлгөн экспертизанын корутундуларынын негизинде, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо сыноосун уюштурууну жана мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу алынып салынды: органдары кошулду: органы тарабынан кошулду: пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо эки жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Калган учурларда алынып салынды: аларды кошулду: пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо он жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.
Пестициддер менен … форма боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № алынып салынды: 116 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 116, 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/179/st-8" title="8-статья - Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>