7-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүүнүн принциптери
Күчүндө · 06.07.2023 редакциясы
Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүү төмөндөгүдөй принциптерге негизденет: аны өткөрүүнүн милдеттүүлүгүнө; анын жыйынтыгын илимий негиздөөгө; эксперттер өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда көз карандысыздыгына; аны өткөрүүгө акы төлөөгө. Экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш. Пестициддер менен (же) агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө арыз берген жеке же юридикалык жак, ошондой эле иштеп чыгуучулар аларды каттоо боюнча сыноолордун натыйжаларын экспертизадан өткөрүүгө катышууга укуксуз. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарын экспертизадан өткөрүүнүн корутундусуна сот аркылуу даттанылышы мүмкүн. Пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолордун жыйынтыктарына экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жана аны уюштуруу пестициддер жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну жүзөгө ашыруучу аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"Редакцияларды салыштыруу
06.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартиби жана аны уюштуруу пестициддер жана агрохимикаттарды алынып салынды: коопсуз колдонуу жагында аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу аркылуу аларды каттоо боюнча сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну жүзөгө ашыруучу аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/179/st-7" title="7-статья - Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>