Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 4-августу № 10 “2023-жылдын 1-январынан тартып Кара-Балта шаарында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 37-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Кара-Балта шаарынын аймагындагы мүлк салыгы 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык администрациялансын. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 3 “Кара-Балта шаарынын аймагында жер мүлкүн жана мүлккө салыкты иш жүзүнө ашыруу жөнүндө” токтому жана Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 02 «Кара-Балта шаарынын аймагында 1, 2, 3-топтогу мүлккө салыкты киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын. Ушул Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын. Токтом нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Жайыл райондук мамлекеттик салык кызматына жана Кара – Балта шаарынын мэри – М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн. Таркатылсын: көктөмөгө, ЖР МСК, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына
Кеңештин төрагасы
М. Дуйшеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2022 жылдын 23-декабры № 02 "Кара-Балта шаарынын аймагында 1, 2 жана 3-топтогу мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2022 · № 02
- Кара-балта шаардык кеӊешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 3 “Кара-Балта шаарынын аймагында жер мүлкүн жана мүлккө салыкты иш жүзүнө ашыруу жөнүндө” токтомуПостановление · 24.02.2015 · № 3 · Күчүн жоготкон