Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдлануусунун түрлөрү (Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна 3-тиркеме)
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрь № 96 токтомуна 3-тиркеме
Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдлануусунун түрлөрү
1
Мектеп
Орто - жалпы билим берүүчү мектеп; Окуу-тарбия комплекси; Адистештирилген мектеп (мектеп-интернат); Гимназия; Лицей; Жалпы билим берүүчү мектеп -интернат; Колледж; Лицей; Борбор жана комплекс; Автордук мектеп; Кошумча билим берүү имараты; Коррекциялык мектептер; Автомектептер; Орто кесиптик –техникалык мектеп; Көркөм мектеп; Школа Инновациялык технологиялар мектеби; Өнүгүү тибиндеги мектеп; Тарыхый-маданий мектеп; Мектептер - социалдык-педагогикалык комплекстер; Эксперименталдык мектеп; Билим берүү мекемелери.
2
Бала бакча
Жалпы өнүгүү тибиндеги бала бакча; Балдарды өнүктүрүү борборлору; Ден соолукту чыңдөө тибиндеги бала бакча; Мектепке чейинки топтор.
3
Спорттук комплекс
Спорттук-оюн көрсөтө турган курулмалар (стадиондор, спорт сарайлары, ар түрдүү аянтчалар, велодромдор, автомотодромдор, лыжа жана тоо лыжа стадиондору жана трибуналары, отургучтары, стулдары, токтотуу үчүн орундары бар башка спорттук курулмалар); Окуу-машыгуучу куррулмалар (мектептердин, жогорку жана орто атайын окуу жайлардын спорттук базалары жана жогорку разряддагы спортчуларды даярдоонун окуу машыгуу борборлору, ошондой эле, калак менен айдалуучу, парустук, лыжа, тоо лыжа, санно-бобслейдик, коньки менен чуркоо, ат, шахмат жана шашки спорту үчүн курулмалар); Ден тарбия-ден соолукту чыңдоо курулмалары.
4
Оорукана
Фельдшердик пункттар; Саламаттык сактоо пункттары; Фельдшердик-акушердик пункттар; Жалпы практиканын дарыгерлеринин борборлору; Тез медициналык жардамдын кичистанциялары/станциялары; Амбулаториялар; Бейтапканалар; Травматологиялык пункттар; Ооруканалар; Госпиталдар; Көп профилдүү медициналык борборлор; Медициналык жогорку окуу жайлардын клиникалары; Тар багыттагы медициналык мекемелер (илимий, ооруканалар, клиникалык медициналык илимий изилдөө институттары, жүрөк-кан тамыр хирургиясынын борборлору, күйүк борборлору, травматология жана ортопедия илимий изилдөө институттары, богокко каршы диспансерлер).
5
Автомобилдик транспорттун инфраструктурасы
Автомобиль жолдору, веложолдор жана жөө адамдар өтүүчү жолдор; Автотоктотмолор жана авто коюучу жайлар; Көп ярустуу авто коюучу жайлар; Электр менен заряддоо станциялары; Автомобиль жолдорду, веложолдорду жана жөө адамдар өтүүчү жолдорду тейлөөчү ишканалар; Жарандарды ташууну тейлөөчү ишканалар.
6
Сейилбак
Жаратылыш сейилбагы; Ботаникалык сейилбак; Дендросейилбак; Зоологиялык сейилбак; Токой сейилбагы; Улуттук сейилбак; Маданий жана эс алуу сейилбагы; Көңүл ачуу сейилбагы; Скульптуралардын сейилбагы; Ландшафттык сейилбак; Этно-борборлор.
7
Заводдор, фабрикалар
Жеңил өнөр жай ишканасы; Токой, жыгач иштетүүчү жана целлюлоза-кагаз-өнөр жай ишканасы; Машина куруу жана темир иштетүү ишканасы; Медициналык өнөй-жай ишканасы; Ун-тартуучу-дан жана кошмо тоют өнөр жай ишканасы; Тамак-аш өнөр жай ишканасы; Курулуш темирлердин өнөр жай ишканасы; Айнек жана фарфор-фаянс өнөр жай ишканасы; Отун өнөр жай ишканасы; Химиялык жана мунай зат химиялык өнөр жай ишканасы; Түстүү металлургия ишканасы; Кара металлургия ишканасы; Айыл чарба ишканасы.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Б. Аденов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.