Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышынын
2023-жыл 5-октябрындагы № 96
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо; 2-тиркемеге ылайык, жер участокту ижаралоонун типтүү келишими; 3-тиркемеге ылайык, муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдалануусунун түрлөрү.
2. Бишкек шаарынын мэриясы жер участокту түзүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселесин белгиленген тартипте карап чыксын жана бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна өз сунуштарын киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (2)
- Муниципалдык жер участоктордун уруксат берилген пайдлануусунун түрлөрү (Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрь № 96 токтомуна 3-тиркеме)Приложение · 05.10.2023 · № 96
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 35 "Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна…Постановление · 25.06.2025 · № 35
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" Жобо (Бишкек шаардык кеңешинин…Положение · 05.10.2023 · № 96
- Жер участогун ижаралоонун Типтүү Келишими (Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрь № 96 токтомуна 2-тиркеме)Типовой договор · 05.10.2023 · № 96