Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмјтүнүн ортосундагы Информатикалаштыруу жана информатикалык технологиялар тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 30-майындагы №207
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Молдова Республикасынын Өкмјтүнүн ортосундагы
Информатикалаштыруу жана информатикалык
технологиялар тармагында кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жана Молдова Республикасынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосундагы
1992-жылдын 11-ноябрындагы Мамлекеттер аралык мамилелердин
негиздери жөнүндө келишимдин жоболорун ишке ашыруу максатында,
информатикалаштыруу тармагындагы экономикалык жана илимий-
техникалык мамилелерди теѕ укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде
өнүктүрүүгө умтулушуп,
информациялык-коммуникациялык инфраструктураны түзүү жана
өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара
кызыкчылыкты көѕүлгө алышып,төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья
Тараптар улуттук информациялык системаларды түзүү жагында
экономикалык жана илимий-техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө,
ошондой эле ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптардын
кызыкдар уюмдарынын, ишканаларынын жана мекемелеринин ортосунда
байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2-статья
Информатикалаштыруу тармагындагы кызматташуу төмөнкүдөй
багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1. мамлекеттик информациялык ресурстарды түзүү;
2. социалдык чөйрөнү, калкты социалдык жактан коргоо жана ишке
орноштурууну, жарандарды, кыймылсыз мүлктү жана транспорт
каражаттарын эсепке алууну кошо камтуу менен информатикалаштыруу;
3. машина менен окулуучу персоналдаштырылган жана башка бардык
түрдөрдөгү жана категориялардагы документтерди чыгарууну уюштуруу;
4. программалык-техникалык каражаттарды стандартташтыруу,
биргелешкен коомдорду жана башка коммерциялык жана коммерциялык
эмес уюмдарды уюштуруу;
5) информациялык коомду түзіү жагында биргелешкен долбоорлорду
иштеп чыгуу;
6) кызматташуунун Тараптар биргелешип аныктоочу башка
багыттары.
3-статья
Тараптар төмјнкідөй жолдор менен кызматташат:
1. маалымат алмашуу, анын ичинде техникалык документтерди,
информатикалаштыруу тармагындагы мамлекеттик саясатты түзүү жана
ишке ашыруу боюнча маалыматтарды алмашуу;
2. ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсјтүлгјн багыттар
боюнча биргелешкен долбоорлорду каржылоо үчүн инвестицияларды
тартуу;
3. чарбакер субъекттердин ортосунда түзүлүүчү контракттардын
негизинде биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, автоматташтырылган
информатика системаларынын жана тармактарынын биргелешкен
долбоорлорун иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
4. информациялык технологияларды иштеп чыгуу жана колдонууга
киргизүү;
5. конференцияларды, көргөзмөлөрдү, "тегерек столдорду" жана
башка жумушчу жолугушууларды уюштуруу;
6. кызматташуунун өз ара пайдалуу башка түрлөрү.
4-статья
Информатикалаштыруу тармагында кызматташууну натыйжалуу
өнүктүрүү жана ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар
ыйгарым укуктуу компетенттүү органдарды дайындоого макулдашышты,
алар:
Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агентствосу;
Молдова Республикасынан - Информациялык технологиялар
департаменти.
5-статья
Тараптар долбоорлорду ишке ашырууда өз мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарына жана интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча эл
аралыкукуктун нормаларына таянышат.
Эгер эл аралык келишимдерде Тараптардын мыйзамдарынан
айырмалуу эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин
жоболору колдонулат.
6-статья
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу маселеси
боюнча зарылдыгына жараша эки тараптуу консультацияларды
өткөрүшөт.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагындагы
талаштар менен пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга анын
ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул Макулдашуунун 7-
статьясында каралган тартипте күчүнө кирген өзүнчј протоколдор
менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши
мүмкүн.
7-статья
Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон
мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу жазуу
жүзүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган
күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер анын колдонулуу
мөөнөтү бутөөрдөн 6 ай мурда Тараптардын бири дагы аны колдонууну
токтотуу ниети жөнүндө башка Тарапка дипломатиялык каналдар
аркылуу билдирбесе, анда анын колдонулушу кийинки 5 жылдык
мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартыла берет.
2004-жылдын "17" апрелинде Бишкек шаарында ар бири кыргыз,
молдован жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында
бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир
келишпестиктер пайда болсо, орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ
болот.
Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасынын
Өкмјтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралындагы № 29 "Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү менен Молдова Республикасынын Өкмөтінүн ортосундагы Маалыматташтыруу жана…Постановление · 05.02.2007 · № 29
- ДОГОВОР об основах межгосударственных отношений Республики Кыргызстан и Республики Молдова (Ратифицировано постановлением Верховного Совета РК от 18 декабря 1992 года № 1115-XII)Договор · 11.11.1992
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-майындагы №207 «Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына јзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 30.05.2007 · № 207 · Күчүн жоготкон