Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясына Карата Киото Протоколун Ишке Ашыруу Жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дания Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 163
Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2005-жылдын 9-марты
Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун
Алкактык Конвенциясына Карата Киото Протоколун Ишке
Ашыруу Жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Дания Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара
түшүнүшүү тууралуу
Меморандум
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атынан Кыргыз Республикасынын Эколо-
гия жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын компе-
тенттүү органы катары чыгып, мындан ары "Кыргыз тарап" деп аталып жана
Дания Королдугунун Өкмөтүнүн атынан Дания Королдугунун Айлана-чөйрөнү
коргоо министрлигинин Даниянын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мындан
ары "Дания тарап" деп аталуу менен чыгып, мындан ары биргелешип жогору-
да белгиленгендей "Тараптар" деп аталышып,
Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Ал-
кактык Конвенциясына (мындан ары - Конвенция) катышуучулар экенин жана
Конвенцияга карата Киото Протоколун ратификациялашканын көњүлгө алып,
Киото протоколунун 12-статьясын аткаруу максатында, Таза өнүгүүнүн
мехнизмдеринин (мындан ары - ТӨМ) долбоорлору боюнча иш-аракеттердин
натыйжасында жетишилген, Киото протоколунун 3-статьясына ылайык
бүркүлүп чыгууларды чектөө жана кыскартуу боюнча саны жагынан милдет-
тенмелерди сактоого көмөк көрсөтүү максатында, Конвенциянын 1-тиркеме-
сине кирбеген катышуучусуна, Конвенциянын 1-тиркемеге кирген катышуучу-
нун Сертификатталган Кыскартылган Бүркүлүп чыгууларды (мындан ары -
СКБ) өткөрүп берүүнү караган, аны аткаруу жагынан жетекчи көрсөтмөлөргө
арналган Киото протоколунун Тараптарынын Кењешмеси болуп эсептелген
Конвенциянын Тараптарынын Конференциясынын (Тараптардын Кењешмесинин)
чечимдерине таянып,
Киото протоколуна карата милдеттенмелерди сактоо боюнча ички сая-
саттын жана чаралардын маанилүү экендигин Киото протоколунун 12-стать-
ясына ылайык баса белгилеп,
Конвенциянын Тараптарынын Конференциясынын (Тараптардын Кењешмеси-
нин) Киото протоколунун 12-статьясына карата андан ары жетекчи
көрсөтмөлөрдүн кайсынысы болбосун иштеп чыгуусун жана ТӨМдү оперативдүү
жана натыйжалуу киргизүүгө тиешелүү Конвенциянын Тараптарынын Конферен-
циясынын (Тараптардын Кењешмесинин) боло турган кайсы гана чечими бол-
босун кабыл алып,
Киото протоколунун 12-статьясына ылайык ТӨМ жаатында кызматташуу
Тараптардын туруктуу өнүгүшүнө жана парник газдардын бүркүлүп чыгуусун
кыскартууга натыйжалуу салым кошууга алып келээрин эске алып,
ТӨМдү оперативдүү, натыйжалуу жана таасирдүү киргизүү жана анын
киргизүүгө көмөк көрсөтүү жаатында саясый эркти билдирүүнү жана узак
мөөнөттүү кызматташууну баштоону каалап,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Меморандумдун предмети
Бул Меморандум Киото протоколунун 12-статьясына ылайык Кыргыз Рес-
публикасында парник газдарынын эмиссияларын кыскартууга багытталган
ТӨМдүн долбоорлорун даярдоого жана аткарууга көмөк көрсөтүүчү жана
аталган долбоорлорду жүргүзүүнүн натыйжасында алынган, макулдашылган
СКБны Дания Королдугуна берүүгө багытталган жол-жоболорго кирет.
2-статья. Компетенттүү органдар
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
жана Дания Королдугунун Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин Даниянын
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги ушул Меморандумдун чегинде долбоорлорду
ишке ашыруу боюнча Тараптардын компетенттүү органдары болуп эсептели-
шет. ТӨМдүн ар бир долбоору үчүн долбоор боюнча Киото протоколунун
3-статьясына ылайык Кыргыз тарап кол кое турган Жактыруу катынан жана
Киото протоколунун 4-статьясына ылайык Кыскартылган бүркүлүп чыгууларды
сатып алууга (КБСА) болгон Дания тарап жана долбоордун менчик ээси кол
кое турган Келишимдерден турган, айкын долбоорлорду ишке ашырууну кам-
сыз кылуу үчүн тийешелүү маселелердин бардыгын камтыган келишим даярда-
лат.
3-статья. Кыргыз тараптын салымы
Кыргыз тарап Киото протоколунун 12-статьясына жана аталган долбо-
орлордун түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарындагы
талаптарга ылайык ТӨМдүн долбоорлору катары таанылган, маалыматтарды
алмашуу жана долбоорлорду расмий жактыруу жолу менен ТӨМдүн долбоорло-
рун жүргүзүүгө кызыккан кубатту бенефициарларды колдоо аркылуу долбоор-
лорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
Киото протоколунун 12-статьясына жана Конвенциянын Тараптарынын
Конференциясында (Тараптардын кењешмелери) кабыл алынган жоболорго ыла-
йык Кыргыз тарап СКБны Дания тарапка бере тургандыгын сөзсүз түрдө
ырастай тургандыгы Жактыруу катында камтылышы керек.
Жактыруу каты Кыргыз Республикасы сүйлөшүлгөн убакытка ылайык ар
бир долбоор үчүн ТӨМ боюнча долбоорлорду жүргүзүүнүн натыйжасында СКБны
алуучу бардык меезгилдин аралыгында макулдашылган жана алдын ала
төлөнгөн, көз карандысыз орган тарабынан текшерилиши мүмкүн болгон
СКБнын көлөмүн берүүнү камсыз кыла тургандыгы жөнүндө сөзсүз түрдө
ырастай тургандыгын камтышы керек.
Долбоор боюнча келишимде ошондой эле БСК үчүн сүйлөшүлгөн төлөмдөн
ашык ТӨМ боюнча кайсы гана болбосун берүүлөр атайын өзгөчө төлөмдөрдөн
бошотула тургандыгы жөнүндө ырастоо болушу керек.
Каржылоо үчүн тандалып алынган артыкчылуу долбоорлор Тараптардын
эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен аныкталат.
4-статья. Дания тараптын салымы
Дания тарап Кыргыз тараптын БСКнын негизги менчик ээлери болуп
эсептелген жеке менчик уюмдардан берилген СКБны, аталган долбоорлорду
жүргүзүүнүн натыйжасында, же акцептөө жана каттоо жолу менен алына тур-
ган СКБны сатып алуу менен ТӨМдүн долбоорлорун иштеп чыгууга жана атка-
рууга көмөк көрсөтөт. Дания тарап Киото протоколунун 12-статьясына ыла-
йык Кыскартылган бүркүлүп чыгууларды сатып алуу (КБСА) келишимине кол
коюу менен ТӨМдүн долбоорлорун бекитет.
Дания тарап жеке менчик уюмдарга берилген тийиштүү ишеним кат
жөнүндө Кыргыз тарапка кабарлайт.
Кыргыз Республикасында конкреттүү долбоорго Дания тараптын кошкон
салымы конкреттүү долбоор үчүн гана колдонулат.
5-статья. Төлөөнүн тартиби
ТӨМдүн долбоорлору боюнча төлөөнүн тартиби ар бир учур үчүн макул-
дашылат жана расмий түрдө Кыскартылган бүркүлүп чыгууларды сатып алуу
(КБСА) Келишимине расмий чагылдырылат.
6-счатья. Долбоорлорду көз карандысыз ырастоо, текшерүү жана
сертификаттоо
Долбоорлорду ырастоо, текшерүү жана сертификаттоо Конвенциянын ат-
каруу комитети тарабынан аккредиттелген көз карандысыз уюмдар аркылуу
ишке ашырылат. Тараптар ал уюмдардын ишине көмөк көрсөтөт.
7-статья. Күчүнө кириши
Бул Меморандум Тараптар күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичин-
деги жол-жоболорду аткарганы тууралуу кат жүзүндөгү акыркы билдирүү
алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири
экинчисине анын күчүн токтотуу жөнүндөгү ниетин анын мөөнөтү аяктаганга
чейин жок дегенде алты ай мурда кат жүзүндө кабарлабаса, өзүнөн өзү ки-
йинки беш жылдык мөөнөткө узартыла берет.
8-статья. Толуктоолорду киргизүү жана күчүн мөөнөтүнөн мурда
токтотуу
Кыргыз Республикасынын жана Дания Королдугунун улуттук саясаты
олуттуу өзгөргөндүктүн натыйжасында долбоорду аткаруучулар жана/же ин-
весторлор СКБны алуусу же берүүсү боюнча кыйынчылыктар болсо Тараптар
Жактыруу катта каралган СКБларды иш жүзүндө берүү боюнча бардык аракет-
терди жумшашат.
Тараптар сунуш кылынган өзгөртүүлөр же ушул Меморандумдун күчүн
токтотуу жөнүндө бири бирине кат жүзүндө кабарлоого укуктуу. Ушул Мемо-
рандумдун чегинде ишке ашырылуучу долбоорлор Жактыруу катында каралган
СКБ толук берилгенге чейин иштейт.
Бишкек шаарында 2005-жылдын 9-мартында ар бири кыргыз, орус жана
ангдис тилдеринде эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юри-
дикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун талкулоодо пикир келиш-
пестик пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчи-
ликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Дания Королдугунун
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.