Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Душанбе шаары
2004-жылдын 26-майы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун
маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы
саясий, аскердик, экономикалык, илимий техникалык же башка кызматташ-
тыктардын учурунда алмашылуучу жашыруун маалыматтарды, ошондой эле Та-
раптардын мындай кызматташуусунун процессинде келип чыккан жашыруун ма-
алыматтарды коргоону камсыз кылуу калоосунан улам,
Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматтарды
коргоону камсыз кылууда Тараптардын өз ара кызыкчылыктарын эске алып,
1993-жылдын 22-январындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктеш-
тигине катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет аралык сырларын сактоону өз ара
камсыздоо жөнүндө келишимди ишке ашырууга өз ара кызыгууну эске алып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья. Терминдердин аныктамасы
Бул Келишимдин максаты үчүн колдонулган терминдер төмөндөкүлөрдү
билдирет:
"жашыруун маалымат" - Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык кор-
голгон, Тараптардын ар бири жана ушул Келишимге ылайык белгиленген тар-
типте берилген, ошондой эле Тараптардын кызматташтык процессиндеги ке-
лип чыккан жана бардык формада айтылган санкциясыз таратуу Кыргыз Рес-
публикасынын жана (же) Тажикстан Республикасынын коопсуздугуна же кы-
зыкчылыгына зыян келтире турган маалыматтар;
"жашыруун маалыматты сактагыч" - материалдык объектилер, анын
ичинде символ, түр, сигнал, техникалык чечим жана процесстер сыяктуу
жашыруун маалыматты чагылдыруучу физикалык талаалар;
"жашырындык грифи" - жашыруун маалыматтын сактагычына коюлган же
сактагычка маалыматтын жашырындык даражасы жөнүндө күбөлөндүрүп, аны
менен жөнөтүүчү документацияда көрсөтүлгөн реквизиттер;
"ыйгарым укуктуу орган" - Тараптардын кызматташуу процессинде бе-
рилүүчү же келип чыккан жашыруун маалыматты алууга, сактоого, коргоого,
колдонууга Тараптар ыйгарым укук беришкен мамлекеттик бийликтин органы
же мекемеси;
"жашыруун маалыматты алуу" - жашыруун маалымат алууга жеке адамдын
укугун тариздөө, компетенттүү органдардыкы болсо - мындай маалыматты
колдонуу менен ишти жүргүзүүгө укугун тариздөө процедурасы;
"жашыруун маалыматтарга жеткиликтүүлүк" - таанышууга уруксаты бол-
гон жеке адамды жашыруун маалымат менен тааныштыруу процесси;
"контракт" - түзүлүүчү келишим, анын чегинде Тараптардын ыйгарым
укуктуу органдарынын ортосунда пайда болот же берилет;
"компетенттүү орган" - мамлекет аралык кызматташтыкты жүргүзүү
учурунда бул Келишимди ишке ашыруу боюнча иш аракетти координациялоо
үчүн жооптуу мамлекеттик орган.
2-статья. Жашыруун маалыматты аныктоо
а) Жашыруун маалыматтарга төмөндөгүлөр кирет:
Кыргыз Республикасында:
Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,
экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, мамлекеттин контро-
лундагы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде аны ат-
каруу үчүн иштетилип чыккан атайын тизмелер жана эрежелер менен чектел-
ген, салталгычтардын бардык түрлөрү менен сакталуучу, өткөрүлүүчү жана
мамлекет тарабынан корголгон маалымат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары - мамлекеттик, аскердик
жана кызматтык сырлар болуп бөлүнөт.
Мамлекеттик жашыруун сырга, аны таратуу Кыргыз Республикасынын
коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кы-
зыкчылыктарына оор зыян келтире турган маалыматтар кирет.
Аскердик жашыруун сырды, аны таратуу, Кыргыз Республикасынын Ку-
ралдуу Күчтөрүнө жана кызыкчылыктарына зыян келтире турган аскердик
мүнөздөгү маалыматтар түзөт.
Кызматтык жашыруун сырга, аны таратуу, Кыргыз Республикасынын кор-
гонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчы-
лыктарына тескери таасирин тийгизүүчү маалыматтар кирет. Мындай маалы-
мат, мамлекеттик же аскердик жашыруун сырга кирген айрым мүнөздөгү маа-
лыматтарды камтыйт жана алардын сырын толук ачпайт.
Жашыруун маалыматта санкциясыз таратуунун натыйжасында Кыргыз Рес-
публикасынын коргонуусуна, экономикасына жана саясий кызыкчылыктарына
келиши мүмкүн болгон зыянга жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сырларына төмөндөгүдөй чектөө грифтери берилет.
"өзгөчө маанилүү" - мамлекеттик сырдын категориясындагы жана анын
ачыкка чыгарылышы Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, ко-
опсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына оор зыян келти-
риши мүмкүн болгон маалымат;
"өтө жашыруун" - бул мамлекеттик сырды камтыган, жана анын тарату-
усу Кыргыз Республикасынын коргоону жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,
экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына оор зыян келтириши мүмкүн
болгон маалымат, ошондой эле аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана
ачыкка чыгарылышы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө зыян келти-
ре турган маалымат;
"жашыруун" - аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана ачыкка чыгары-
лышы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө зыян жана кызыкчылыкта-
рына зыян келтириши мүмкүн болгон маалымат, ошондой мамлекеттик жана
аскердик сырга тиешелүү айрым маалыматтардын мүнөзү бар, жана ачыкка
чыгарылышы Кыргыз Республикасынын коргоону жөндөмдүүлүгүнө, коопсузду-
гуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тескери таасир тийгизи-
ши мүмкүн болгон, ошол эле учурда толук ачпаган кызматтык сырды түзгөн
маалымат;
"кызматтык колдонуу үчүн" - санкциясыз ачыкка чыгаруу Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик кызыкчылыгы үчүн ылайыксыз маалыматтык матери-
алдар.
б) Тажикстан Республикасында:
- коргонуу, экономика, тышкы мамилелер, мамлекеттик коопсуздук жа-
на укук тартиби тармактарындагы мамлекет тарабынан корголгон, таратуу
Тажикстан Республикасынын коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болгои
маалыматтар,
Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун
жана жашыруун маалыматтарга бөлүнөт:
"өтө жашыруун" - коргонуу, экономика, тышкы мамилелер, мамлекеттик
коопсуздук жана укук тартиби тармактарындагы, таратуу Тажикстан Респуб-
ликасынын министрликтеринин (ведомстволорунун) же экономикасынын тарма-
гындагы бир же бир нече аталган чөйрөлөрүнө зыян келтириши мүмкүн бол-
гон маалыматтар,
"жашыруун" - мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын ичине кирген
бардык маалыматтар. Мындай учурда Тажикстан Республикасына келтирилген
зыян болуп коргонуу, экономика, тышкы мамилелер, мамлекеттик коопсуздук
жана укук тартиби чөйрөсүндөгү ишканалардын жана уюмдардын кызыкчылыгы-
на келтирилген зыян эсептелинет.
"кызматтык колдонуу үчүн" - мамлекеттик бийлик органдарындагы, иш-
каналардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы таратылышы чектелген кызмат-
тык информацияны камтыган маалымат.
3-статья. Жашырындык даражалардын салыштырмалуулугу
1. Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын колдонуу-
дагы мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Тараптар
жашырындык даражалары төмөндөгүдөй салыштырууну белгилешти:
Кыргыз Республикасында Тажикстан Республикасында
"Өзгөчө маанилүү" "Фавкулодда мухим"
("Особой важности") ("Особой важности")
"Абдан жашыруун" "Комилан махфй"
("Совершенно секретно") ("Совершенно секретно")
"Жашыруун"("Секретно") "Барои истифодаи хизматй"
"Кызматтык колдонуу үчүн" "Для служебного пользовання")
("Для служебного пользования")
2. "Барои истифодаи хизматй" жана "Для служебного пользования"
белгиси коюлган маалыматтар үчүн бул Келишимдин 4- статьянын 2-пунктту
(экинчи сүйлөм) колдонулбайт.
4-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чаралар
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын
мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык төмөндөгүдөй
милдеттенме алышат:
экинчи Тараптан берилген же Тараптардын кызматташуу процессинде
келип чыккан жашыруун маалыматтарды коргоого;
берген Тарап койгон жашырындуулук даражасын, анын жазуу түрүндөгү
макулдугусуз өзгөртпөөгө;
алынган жашыруун маалыматты колдонууда ушул Келишимдин 3-статьясы-
на ылайык салыштырылган өзүнүн жашыруун маалыматына колдонулуучу коргоо
чараларды колдонууга;
экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маалы-
матты аны бергенде каралган максатта гана колдонууга;
берген Тараптын алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз, жашыруун
маалыматты үчүнчү Тараптын билишине жол бербөөгө.
2. Жашыруун маалыматты билүүдө, аны берүүдө каралган максатта кыз-
маттык милдетти аткаруу үчүн зарыл болгон адамдарга гана уруксат бери-
лет. Жашыруун маалыматты билүүгө, ага атайын уруксаты бар адамга гана
мүмкүндүк берилет.
3. Керек болгон учурда жашыруун маалыматты колдонуу боюнча милдет-
тенмелер жана аны коргоо боюнча чаралар толук баяндалган жашыруун маа-
лыматтарды коргоо боюнча кошумча талаптар иштин белгиленген түрү боюнча
контрактка киргизилет.
5-статья. Жашыруун маалыматты берүү
1. Бир Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы, экинчи Тарап-
тын мамлекетинин компетенттүү ыйгарым укуктуу органына жашыруун маалы-
матта берүүнү каалаган учурда, башка Тараптын компетенттүү органынан ал
органдын тийиштүү уруксаты бар экенин жазуу түрүндөгү күбөлөндүрүүнү
алдын ала сурайт.
2. Конкреттүү жашыруун маалыматты берүү жөнүндөгү чечим Кыргыз
Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мыйзамдарына жана башка
ченемдик укуктук актыларына ылайык ар бир өзүнчө учурда Тараптар тара-
бынан кабыл алынат.
3. Жашыруун маалыматты бир мамлекеттен экинчисине берүү Тараптар-
дын ортосундагы колдонулган макулдашууларга ылайык дипломатиялык канал-
дар, фельдьегерлик кызмат же башка ыйгарым укуктуу кызмат боюнча
жүргүзүлөт. Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү компетенттүү же ыйга-
рым укуктуу органы жашыруун маалыматты алгандыгын ырастайт.
4. Бир далай көлөмдөгү жашыруун маалыматты берүү үчүн Тараптардын
тиешелүү компетенттүү органдары ар бир учурда ташуунун, маршруттун ык-
маларын жана коштоонун түрлөрүн белгилешет.
Тараптардын компетенттүү органдары мындай ташуунун ар бир учуру
жөнүндө тиешелүү маалыматтарды алмашып турушат.
5. Тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары жашыруун маалыматты техника-
лык каражаттарды колдонуу менен берүүдө Тараптардын мамлекеттеринин
улуттук Мыйзамдарына ылайык аны коргоо боюнча макулдашылган чаралар
колдонулат.
6-статья. Жашыруун маалыматтар менен иштөө
Берилген жашыруун маалыматка, аны алганга жооптуу ыйгарым укуктуу
орган ушул Келишимдин 3-статьясына ылайык салыштыруучу кошумча жашырын-
дуулук грифин коет.
Жашырындуулук грифи менен белгилөөнүн милдеттүүлүгү Тараптардын
кызматташтык процессинде которуунун, көчүрмө түшүрүүнүн же нускалоонун
натыйжасында пайда болгон топтолгон жашыруун маалыматтарга карата кол-
донулат.
Жашыруун маалыматты бергендин негизинде пайда болгон жашыруун маа-
лыматты сактагычка берилген жашыруун маалыматтан жашырындык грифинен
төмөн эмес жашырындуулук грифи коюлат.
2. Пайда болгон же берилген жашыруун маалымат Тараптардын мамле-
кеттеринин колдонуудагы өздөрүнүн жашыруун маалыматына карата колдону-
луучу талаптарга ылайык сакталат жана эсепке алынат.
3. Алынган жашыруун маалыматган жашырындуулук даражасы, аны берген
Тараптын мамлекетинин тиешелүү компетенттүү органынын жазуу түрүндөгү
уруксаты боюнча гана ыйгарымдуу орган тарабынан өзгөртүлүшү же алынышы
мүмкүн.
Тараптардын кызматташуу процессинде пайда болгон жашыруун маалы-
маттын жашырындык даражасы тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу
органдарынын өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат, өзгөртүлөт же алы-
нат.
Жашыруун маалыматты жашырындык даражасын өзгөртүү же алуу туура-
луу, аны берген Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы экинчи Та-
раптын мамлекетинин тиешелүү компетенттүү органына билдирет.
4. Жашыруун маалыматты жана анын сактагычтарын көбөйтүү (тираж-
доо), аны берген Тараптын мамлекетинин компетенттүү органынын жззуу
түрүндөгү уруксаты боюнча ишке ашырылат.
5. Жашыруун маалыматтын сактагычтары аларды берген Тараптан мамле-
кетинин компетенттүү органынын жазуу түрүндөгү уруксаты боюнча кайта
берилет же жок кылынат.
Жашыруун маалыматтын жок кылынышы документ жүзүндө таризделет, ал
эми жоюу процесси аны кайра калыбына келтирүү мүмкүн эместигине кепил
болууга тийиш.
7-статья. Контракттар
Тараптардын компетенттүү органдары түзгөн контракттарга
төмөндөгүлөрдү аныктаган өзүнчө бөлүк киргизилет:
пайда болгон жана берилген жашыруун маалыматтын тизмеги жана анын
жашырындуулук даражасы;
пайда болгон жана берилген жашыруун маалыматты коргоонун
өзгөчөлүгү;
келишпестик жагдайларды чечүүнүн жана пайда болгон жана берилген
жашыруун маалыматтарды санкциясыз таратууда мүмкүн болуучу зыяндын ор-
дун толтуруу тартиби.
8-статья. Компетенттүү органдар
Бул Келишимди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоого
жооптуу компетенттүү органдар болуп:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Улуттук кооп-
суздук кызматы;
Тажикстан Республикасында - Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Мамлекеттик жашыруун сыр масе-
лелери боюнча Башкы башкармалык.
2. Кызматташтыктын мүнөзүнө жараша Тараптар бул Келишимди ишке
ашыруу боюнча иш-аракетти координациялоо үчүн жооптуу башка ведомство-
лорду дайындай алышат, бул жөнүндө дипломаттык каналдар боюнча бири би-
рине билдиришет.
9-статья. Консультациялар
1. Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары ушул Кели-
шимди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө жашыруун маалыматты коргоо
чөйрөсүндөгү Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү мыйзамдык жана башка
ченемдик укуктук актыларын алмашышат.
2. Ушул Келишимди аткарууда кызматташтыкты камсыздоо максатында
Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары биринин суроосу бо-
юнча биргелешкен консультацияларды өткөрүшөт.
10-статья. Баруулар
1. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн экинчи
Тараптын мамлекетинин жашыруун маалыматтарын алуусун караштырган
кирүүсү каралган баруулар, кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин ком-
петенттүү органынын уруксаты боюнча жүргүзүлөт. Мындай барууларга урук-
сат, ушул Макулдашуунун 4-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга гана бери-
лет.
2. Мындай баруулардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылууну, жиберип
жаткан Тараптын компетенттүү органы болжолдогон баруудан 30 күнгө чейин
кем эмес мурдатан кабыл алууга Тараптын мамлекетинин компетенттүү орга-
нына жиберет.
Мындай баруунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылуу кабыл алуучу Тарап-
тын мамлекетиндеги кабыл алынган процедураларга ылайык түзүлөт жана
төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт:
- келүүчүнүн фамилиясы жана аты, туулган күнү жана туулган жери,
граждандыгы жана паспортунун номери;
- келүүчүнүн кесиби жана кызмат орду, ал иштеген ыйгарым укуктуу
органдын аты;
- тиешелүү жашырындуулук даражадагы жашыруун маалыматка уруксаты
болгондугу;
- баруунун болжолдогон күнү жана узактыгы, бара турган ыйгарым
укуктуу органдын аталышы, баруу максаты жана иштөөчү темага тиешелүү
бардык керектүү көрсөтмөлөр, ошондой эле таанышуу көздөлгөн жашыруун
маалыматтын жашырындуулук даражасы;
- өкүл жолугушууга болжолдогон кызмат адамдары.
3. Баруучулар кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетиндеги колдонул-
ган тартипке ылайык каттодон өтүшөт.
11-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чараларды ишке
ашыруу боюнча чыгымдар
Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органдарынын жашыруун маалыматты кор-
гоо боюнча чараларды жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдарын экинчи Тараптын
мамлекетинин ыйгарымдуу органы ордун толтурбайт.
12-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча талаптарды бузгандык
Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органы берген жашыруун маалыматтын
санкциясыз таратылышына же санкциясыз таратылуу мүмкүндүгүнө алып кел-
ген жашыруун маалыматты коргоо боюнча талаптар бузулган учурда тийиштүү
Тараптын ыйгарым укуктуу же компетенттүү органы башка Тараптын ыйгарым
укуктуу же компетенттүү органына ал жөнүндө дароо билдирет, зарыл бол-
гон териштирүү жүргүзөт жана жышыруун маалыматты берген Тараптын ыйга-
рым укуктуу же компетенттүү органына териштирүүнүн жыйынтыгы жана айма-
гында ошол талаптардын бузуу болгон Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына
ылайык көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдайт.
13-статья. Башка макулдашууларга мамиле
Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы болгон жашыруун маалымат-
ган жашырындуулугун камсыздоону жөнгө салган макулдашуулар, эгерде
алардын жоболору ушул Макулдашууга каршы болбосо, колдонула берет.
14-статья. Талаш маселелерди чечүү
Бул Макулдашууну чечмелөө талкулоо же колдонуу боюнча талаш-тар-
тыштар Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосунда-
гы консультациялар жана сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет. Мындай
сүйлөшүүлөрдүн учурунда, Тараптар ушул Макулдашууга ылайык өздөрүнүн
милдеттерин аткарууну улантышат.
15-статья. Макулдашуунун күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү,
өзгөртүлүшү жана колдонууну токтотуу
1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптар анын иши
күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарышка-
ны жөнүндө жазуу түрүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн баштап күчүнө
кирет.
2. Өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга, анын ажыратылгыс
бөлүгү болгон, өзүнчө протоколдор менен таризделген жана ушул статьянын
1-пунктту менен каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр жана то-
луктоолор киргизилиши мүмкүн.
3. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө
өзүнүн ниетин, экинчи Тарапка дипломатиялык каналдары боюнча жазуу
түрүндөгү билдирүү аркылуу бул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
Мындай учурда бул Макулдашуунун колдонулушу мындай билдирүү алынган
күндөн баштап алты айдан кийин токтотулат.
4. Бул Келишимдин колдонулушун токтоткон учурда, Тараптардын кыз-
матташтык процессиндеги берилген же келип чыккан жашыруун маалыматгын
жашырындуулук грифи алынмайынча, ушул Макулдашуунун 4-статьясында
көрсөтүлгөн аны коргоо боюнча чаралар колдонула берет.
Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында ар бири бирдей күчкө ээ
болгон, кыргыз, тажик жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө келишпестик болгон учурда,
Тараптар орус тилиндеги текстке таянышат.
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында кол коюлган жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн…Закон · 06.08.2005 · № 134
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон