Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-статья. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2008 года № 37
башка органдары
1. Администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка ор-
гандары өз иштерин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги менен жүзөгө
ашырышат.
2. Администрациялык ведомстволорго Өкмөткө караштуу мамлекеттик
агенттиктер жана мамлекеттик инспекциялар кирет.
Мамлекеттик агенттик - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийлик
органынын ишмилдеттерин, негизинен маалыматтык формада жүзөгө ашыруучу
администрациялык ведомство.
Мамлекеттик инспекция - иштин тийиштүү чөйрөлөрүндө аткаруу бийлик
органынын көзөмөлдүк жана инспектордук ишмилдеттерин жүзөгө ашыруучу
администрациялык ведомство.
Мамлекеттик агенттиктерди жана мамлекеттик инспекцияларды дирек-
торлор жетектешет.
Мамлекеттик агенттиктер, мыйзамда каралган учурларда директордун
жетекчилиги алдындагы коллегиалдык орган тарабынан жетектелиши мүмкүн.
Администрациялык ведомстволордун жетекчилери Премьер-министрдин
сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат. Администрациялык ведомс-
тволордун жетекчилерин бошотуу Президент тарабынан жүргүзүлөт. Премь-
ер-министр администрациялык ведомствонун жетекчисин бошотуу тууралу
Президентке сунуш киргизүүгө укуктуу.
3. Өкмөттүн жетекчилиги алдында министрликтерге, мамлекеттик коми-
теттерге же администрациялык ведомстволорго баш ийдирилбеген кызматтар
жана комиссиялар түрүндөгү аткаруу бийлигинин башка органдары түзүлүшү
жана иштеши мүмкүн.
Кызмат - башкаруунун дайындуу бир тармагында мамлекеттик саясатты
камсыз кылуу максатында түзүлүүчү, эреже катары, атайын статуска ээ ый-
гарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылуучу уюмдаштыруу
түзүмү.
Комиссия - мамлекеттик турмуштун, анын ичинде экономикалык, соци-
алдык, гуманитардык жана маданий иш чөйрөлөрүндө маанилүү маселелерди
комплекстүү чечүү максатында түзүлүүчү уюштуруу түзүмү.
Кызматтарды жана комиссияларды Премьер-министрдин сунушу боюнча
Президент тарабынан дайындалган төрагалар жетектешет.
4. Ушул конституциялык Мыйзамдын 18-статьясында каралган жобо ад-
министрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдары-
нын жетекчилерине бирдей колдонулат.
5. Өкмөт министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрация-
лык ведомстволорго же аткаруу бийлигинин башка органдарына баш ийдирил-
ген, юридикалык жактын статусуна ээ ведомстволук бөлүмчөлөрдү түзөт,
жоет жана кайра уюштура алат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы №568 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.09.2009 · № 568
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылындагы 18-июнундагы №312 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт…Постановление · 18.06.2008 · № 312
- Регламент Правительства Кыргызской Республики (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 1 ноября 2001 года N 676)Регламент · 01.11.2001 · № 676 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги №131 " Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын жана…Указ · 11.04.2008 · № 131 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1754/st-22" title="22-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>