18-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнө карата коюлуучу
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2008 года № 37
чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү төмөндөгүлөргө укуксуз:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин же жергиликтүү кењеш-
тин депутаты болууга;
2) мамлекеттик бийлик органдарында башка кызмат орундарын ээлөөгө;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коммерциялык
эмес уюмдарда акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө;
4) жеке өзү ишкердик иш жүргүзүүгө, менчиктин мамлекеттик үлүшүнө
ээ болбогон коммерциялык уюмдун жетекчи же байкоочу органынын курамына
кирүүгө. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү аталган кызматка киришкен
күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн
кызматында турган убагында коммерциялык уюмдардын уставдык капиталынын
өздөрүнүн менчигинде турган үлүштөрүн (акциялардын пакеттерин) мыйзамда
белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү бо-
лот;
5) үчүнчү жактардын иштери боюнча мамлекеттик бийлик органдарында
ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
6) кызматтык ишине гана арналган маалыматты, материалдык-техника-
лык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын кызматтык
эмес максаттарга пайдаланууга;
7) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамы-
на ылайык алынып салынды)
8) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу жеке жана
юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган
ссудаларды, белектерди, акчалай жана башка акы, анын ичинде кызмат
көрсөтүүлөрдү, оюн-зоок жана эс алуусу үчүн акы төлөөлөрдү алууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге
ылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын чет
мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар
менен түзүлгөн келишимдер боюнча өз ара негизде жүзөгө ашырылуучу кыз-
маттык иш-сапарларынан тышкары, жеке жана юридикалык жактардын эсебинен
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш-сапарларына жана
дагы башка барып-келүүлөргө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү өз ишинде жекече кызыкчылыкта-
рынын Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн милдеттеринен ашып
түшүүсүнө (кызыкчылыктардын кагылышы) жол бербөөгө, ошондой эле белги-
ленген моралдык жана этикалык ченемдерди сактоого милдеттүү.
Ушул статьяда каралган жоболор административдик ведомстволордун
жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине карата да кол-
донулат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 20.03.2008 · № 37 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1754/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>