Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарынын
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жана алардан ажыратылышы
1. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учур-
ларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
- ал депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө
арыз бергенде;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши таратылганда;
- сот депутатты аракетке жөндөмсүз деп тапканда;
- соттун аны дайынсыз жок же өлдү деп жарыялагандыгы жөнүндөгү че-
чими мыйзамдуу күчүнө кирген учурларда;
- ошондой эле депутат өлгөндө.
2. Жогорку Кењештин депутаты төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укукта-
рынан ажыратылат:
- ага карата соттун күнөө койгон өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен сыйышпаган ишке
өткөндө же андай ишти калтырбаганда;
- шайлоо жараксыз деп табылганда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышка туруктуу жашоого кеткенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же Кыргыз Республи-
касынын жарандыгын жоготкондо.
3. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу,
ошондой эле аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу Кыргыз Республикасында
Шайлоо жана референдумдар өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтому
менен жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналыштарында бир
сессия ичинде жүйөөлүү себептерсиз дайыма катышпагандыгы үчүн Жогорку
Кењештин депутаты "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Жогорку
Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алын-
ган чечими боюнча депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылат.
II глава
Депутаттын Жогорку Кењештеги иши
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>