6-статья. Жогорку Кењештин депутатынын шайлоочулар менен өз ара
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
мамилеси
1. Жогорку Кењештин депутаты Кыргыз Республикасында Мыйзам чыгаруу
бийлигин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү органдагы элдин ыйгарым укуктуу
өкүлү катары өзүнүн статусун жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана
мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын ар-намысын жана ка-
дыр-баркын коргоо үчүн пайдаланат.
2. Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн шайлоочуларынын алдында жооп-
туу болот жана аларга отчет берип турат.
3. Жогорку Кењештин депутаты шайлоочулар, саясий партиялар жана
аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн коомдук бирикмелер, ошондой
эле анын шайлоо округунун аймагында жайгашкан мамлекеттик органдар жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышта болуп турат.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>