17-статья. Жогорку Кењештин депутатынын мыйзамдуулук бузулушун
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
четтетүүгө талап коюу укугу
1. Жарандардын укуктары жана мыйзам аркылуу корголгон кызыкчылык-
тары же башка мыйзамдуулук бузулган учурда депутат мыйзам чыгаруу бий-
лигинин өкүлү катары жеринде андай мыйзам бузуу фактыларын токтотууну
талап кылууга, ал эми зарыл учурларда тиешелүү органдарга жана кызмат
адамдарына мындай фактыларга бөгөт коюу талабы менен кайрылууга укук-
туу. Бузуу фактысы депутат тарабынан же анын талабы боюнча тиешелүү
укук коргоо жана контролдоо органдарынын өкүлү тарабынан түзүлгөн про-
токолдо белгилениши мүмкүн.
2. Депутат талап коюп кайрылган мамлекеттик органдардын кызмат
адамдары, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин
жетекчилери, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияла-
ры, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдуулук бу-
зулган фактыларды жоюу үчүн, зарыл учурда күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу
үчүн токтоосуз чара көрүүгө, кийин ал жөнүндө депутатка кабарлоого мил-
деттүү. Мыйзамдуулук бузулушун жоюу боюнча чара көрүлбөгөн учурда кыз-
мат адамдары мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>