16-статья. Жогорку Кењештин депутатынын шайлоо округундагы иши
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
менен байланышкан ыйгарым укуктары
Жогорку Кењештин депутаты өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мак-
сатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоочулар менен жолугушуп турууга;
2) шайлоочулар менен жолугушууларга катышууга мамлекеттик мекеме-
лердин жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын чакыруу-
га;
3) шайлоочулардын кызыкчылыктарына тиешелүү ар кандай маселелерди
мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында кароодо катышууга;
4) Жогорку Кењештин мыйзамдарынын жана токтомдорунун аткарылышын
контролдоого;
5) мамлекеттик органдарга жана коомдук бирикмелерге, ишканаларга,
мекемелер менен уюмдарга өздөрү жиберген жарандардын сунуштарын, арыз-
дарын жана даттанууларын контролдоого, аларды кароого өзү катышат. Мам-
лекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюм-
дардын кызмат адамдары депутатка анын контролдоп жаткан ишине жардам
берүүгө милдеттүү;
6) округдун шайлоочуларынын чогулуштарын же конференцияларын, эм-
гек жамааттарынын, саясий партиялардын жана коомдук бирикмелердин
өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүүгө;
7) бардык ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолсуз
кирүүгө. Иши мамлекеттик сырды сактоо менен байланышкан ишканаларда,
мекемелерде жана уюмдарда болуу тартиби мыйзамдар менен белгиленет;
8) депутаттардын, шайлоочулардын ар кандай бирикмелеринин, коомдук
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине, эмгек жамаат-
тарынын, турган жери боюнча жарандардын жана аскердик бөлүктөр боюнча
аскер кызматчыларынын чогулуштарына катышууга.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>