8-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдарды таратуунун жана алар тарабынан экстремисттик аракеттердин ишке ашырылышынын жол берилбестиги тууралу алдын ала эскертүү
Күчүн жоготкон · 24.02.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40.
Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдар таратылган же алардын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн фактылар белгилүү болгон учурда, бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусуна жана (же) редакцияга (башкы редакторуна), аны каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же аткаруу бийлигинин басма, телерадио жана массалык коммуникация каражаттар чөйрөсүндөгү органдары же Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын тийштүү прокурору аркылуу аталган аракеттердин жол берилбестиги тууралу же ал аракеттерге алдын ала эскертүүнүн айкын себебин, анын ичинде кетирилген кемчиликтерди көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү алдын ала эскертүү чыгарылат. Эгерде кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды колдонуу мүмкүн болгон учурда, аны менен бирге аталган кемчиликтерди жоюуга алдын ала эскертүү чыккан күндөн тартып аталган кемчиликтерди жоюу үчүн он күндөн кем болбогон мөөнөт белгиленет. Эгерде алдын ала эскертүүдө белгиленген мөөнөттө эскертүү чыгаруу үчүн негиз болгон кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, же алдын ала эскертүү чыккан күндөн тартып он эки айдын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн жаңы фактылар кайрадан белгилүү болсо, тийиштүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши ушул Мыйзамда белгиленген тартипте токтотулууга тийиш.
Берененин тексти 24.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1748/st-8" title="8-статья - Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>